super.kg logo

"Тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулун 9 килограммга арыктаткан "Айыл Кэмп" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

 
Тасманын продюсери, алып баруучу Эркин Рыскулбеков
"Айыл Кэмп" тасмасы - Жеӊиш Майрамбек уулунун режиссёр катары дебюттук эмгеги
Тасманын үстүндө иштеген жалпы чыгармачыл топ
Тасманын кичинекей каармандары
Ырчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим айым менен келди
Актёр Болот Тентимишов жана алып баруучу Эркин Нурбаев
"Тамашоучу" Эмил Эсеналиев жана Жеңиш Майрамбек уулу тасмада роль жаратышкан. Эпизоддун күлкүлүү бөлүгү эки мырзага бөлүнгөн.
Айылдагы балдардын лагери
Айылдын шартына көнө албай, кыйналган балдар
Кайрат Примбердиев жубайы Эльвира Примбердиева менен келди
Ырчы Асел Кадырбекова жана Асема Токтобекова
Актёр Улан Султангазиев ырчы Нэна менен
Жеңиш Майрамбек уулу күйөрмандары менен сүрөткө түшүүгө да үлгүрдү

Бүгүн, 3-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Айыл Кэмп" аталышындагы тасманын бет ачары болуп өттү. 2018-жылдын алгачкы, комедия жанрындагы тасмасын көрүүгө эстрада жылдыздары, белгилүү актёрлор жана режиссёрлор келишти.

Тасмада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева, алып баруучу Эркин Нурбаев, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев, Жеңиш Майрамбек уулу жана актёр Болот Тентимишов роль жаратышкан.

"Айыл Кэмп" тасмасы - Жеӊиш Майрамбек уулунун режиссёр катары дебюттук эмгеги. Анын айтымында, бир учурда тасмага тартылып, режиссёрлук кылуу оӊойго турган эмес. Ал "8-9 килограммга арыктап кеттим", - дейт.

Аталган тасманын продюсери, алып баруучу Эркин Рыскулбеков.

"Мен буга чейин киного продюсерлик кылып көргөн эмесмин. Бирок Жеңиштин (ред. Жеңиш Майрамбек уулу) талантына ишенип, тасманын сценарийин окубай туруп иштешүүгө макул болдум", - деген Рыскулбеков фильмге канча каражат кеткенин сыр бойдон калтырды.

Фильм Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан Чуңкурчак жайлоосунда тартылган. Тасманын мазмуну жөнүндө кеп кыла турган болсок, жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүргөн Акыл аттуу жигит мыкты бизнес-план түзөт. Ал шаардык балдар үчүн айылдагы үйүнө этно лагерь ачат. Ата-энелер балдарын кыргыздын элдик ырларын, улуттук оюн, каада-салттарын жана кыргыз тилин үйрөнүүсү үчүн лагерге беришет. Бирок шаардык балдар айылдын жашоосуна көнүп кете алышабы? Буга жоопту "Айыл Кэмп" тасмасынан ала аласыздар.

Тасма 4-январдан тартып өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.






Жеңиш Майрамбек уулун 9 килограммга арыктаткан "Айыл Кэмп" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
04.01.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арык жаны бир жолу арыктап соогу эле калыптыр да, байкуш аялы кантти экен...
04.01.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асель бул жерде да журобу
04.01.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы каякка арыктайт?
SUPER.KG видео
04.01.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмил кызытат да күлкүсү менен азаматсыңар жигиттер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: