Сот Канат Исаевге карата чыгарылган өкүмдү окуп жатат. Отурумда Жогорку Кеңештин депутаттарынан эч ким жок





Бүгүн, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралды. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөз жүрүп, айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтышты. Учурда сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып айыпталуучуларга карата чыккан өкүмдү окуп жатат.
Сот залында туугандары соттун чечимин күтүп саат түнкү 10:00 болгонуна карабастан кетпей турушат. Ал эми Канат Исаевдин отурумуна бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана фракциялаштарынан да эч ким келген жок. Саясатчылардан бир гана Кеңешбек Дүйшөбаев бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.