super.kg logo

Актриса Мерил Стрип сексуалдык зомбулуктар боюнча Меланья жана Иванка Трамптардан үн катууну талап кылды

 
Мерил Стрип
Меланья Трамп
Иванка Трамп
Актриса бир кезде чогуу иштеген Харви Вайнштейн менен

Буга чейин Лос-Анжелесте Голливуддун белгилүү актрисасы Мерил Стрипке каршы даярдалган плакаттар жана көчө жарнактары шаардын бир канча жерлерине илинип, актрисаны айрым кесиптештери "ал Вайнштейндин кылыктарын мурда эле билчү. Бирок жашырып жүргөн, элге айткан эмес" деп айыптап чыгышса, бул ирет актриса өзү бул абалга үн катпай жаткан АКШнын биринчи айымы Меланья Трамп менен Дональд Трамптын кызы Иванканы күнөөлөгөн.

"Мени унчуккан эмес дегендер жаңылышат. Андан көрө бул сөздөрдү Меланья Трампка айтышса болмок. Мен аны уккум келет. Ал көп нерсени айта алат. Иванка дагы. Мен ушул адамдардын тынчтыкты бузуп, сексуалдык зомбулуктар тууралуу өз пикирлерин айтып чыгышын талап кылам. Силер ушул кезге чейин эмнени баштан кечирдиңер жана ал кырдаалдан кантип чыктыңар? Элге баарын ачык айткыла", - деген ал.

Белгилей кетсек, "Рэмбо", "Авиатор", "Биллди өлтүрүү" тасмаларына продюсерлик кылып жүргөн белгилүү продюсер Харви Вайнштейн фильмге тартылгысы келген актрисаларды төшөк мамилесине мажбурлаганы үчүн өзү иштеген "The Weinstein Company" кинокомпаниясынан жумуштан айдалган. Арадан көп өтпөй аны менен чогуу иштеген актриса Мерил Стрип "Алтын глобус" сыйлык тапшыруу аземине Голливуддагы зордук-зомбулуктарга каршы кара түстөгү көйнөк кийип келе турганына көпчүлүк нааразы болуп, "Стрип Вайнштейндин кылыктарын мурда эле билчү. Бирок жашырып жүргөн, элге айткан эмес" деп айыптаган. Ал эми актриса өзүн толугу менен актоого аракет кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
05.01.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи белгилуу адамдар пияр кылганды жакшы корушот эптеп гезит беттерине чыгыш учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: