ЖЫЛНААМА, 7-ЯНВАРЬ: Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу 28 жашка толду

Мындан 28 жыл мурун, 1990-жылдын 7-январь күнү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу Чүй облусунун Суусамыр жергесинде жарык дүйнөгө келген. Атасы - элдик табып Дүйшөнбек Чомо уулу, ал эми апасы - Арпажан. Закирбек Дүйшөнбек уулу 4 бир тууган. Замирбек, Заирбек аттуу агалары жана Чолпон аттуу эжеси бар. Бала кезинен эле комузга аябай кызыгат, себеби ата-энеси да, агалары да улуттук аспаптарда ойношчу.
5 жашынан ырларды, обондорду жаттап үйрөнөт. 6 жашынан ар кандай сынактарга катышып, 7 жашында “Мээрим” фонду республика боюнча уюштурган “Жаш талант” сынагына катышып, биринчи жеңишке ээ болгон. Ошентип Мукаш Абдраев атындагы жатак-мектепте 10-класска чейин окуп, ал жакта тарбияланат.
Мектепти аяктаган соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. Кийин Улуттук консерваториянын комуз бөлүмүнө кирген. Эң биринчи мугалимдери таланттуу комузчулар Бектен Бейшембиев, Нуриля Сабирбаева, Кылычбек Жекшенов, Руслан Жумабаев, Нурак Абдрахманов болгон. Ал эми негизги устаты – Кылычбек Жекшенов.
Сыйлыктары – Чыңгыз Айтматовдун колунан алган Карамолдо Орозов атындагы атайын сыйлык. Ошондой эле фольклор жаатында 15ке жакын баш байгенин ээси.
7-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
6

Комментарийлер(1)
aikokul14

07.01.2018. 16:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Закирбек,өмүрлүү бол,талантың ташкындай берсин,эң негизгиси үй-бүлөөң менен кайра табышып бактылуу бол!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.