super.kg logo

Өлкөдө 5 күн ичинде 5 адамдын өмүрүн алган үч каракчылык фактысы катталды. Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары дале кармала элек

 

Өлкө аймагында 5 күн ичинде адам өмүрүн алган үч каракчылык фактысы катталды. Анын кесепетинен 5 адам каза болсо, 5 адам жабыркады.

"ҮЙ ЭЭСИ БАЛДАРЫНЫН КАЗА БОЛГОНУН БИЛЕ ЭЛЕК"

27-декабрдан 28-декабрга караган түнү: Каракчылык фактыларынын бири Токмок шаарында катталган. Анда белгисиз адамдар турак үйлөрдүн бирине кирип, үй-бүлө мүчөлөрүн арматура менен сабашып, үйдөн акча жана алтын зер буюмдарды алып кетишкен.

Анын кесепетинен үй ээси 44 жаштагы К.Диля аттуу аял, анын 25, 22 жаштагы балдары жана 16 жаштагы келини катуу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, үй ээсинин 25 жаштагы уулу алган жаракатынан улам ошол күнү жан берген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

29-декабрь: Үй ээсинин оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген 22 жаштагы баласы каза болгон.

8-январь: Кол салуудан жабыркаган 44 жаштагы К.Диля жана анын келини учурда ооруканада. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытованын айтымында, жабыркагандардын абалы жакшырууда. Ошондой эле ал үй ээси балдарынын каза болгону тууралуу маалыматтан кабарсыз экенин билдирди.

"ШЕКТҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮН МЫК СУУРУГУЧ ЖАНА КҮРӨК МЕНЕН САБАГАН"

29-декабрдан 30-декабрга караган түнү: Дагы бир каракчылык фактысы Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында катталган. Анда белгисиз адам аталган айылдагы үйлөрдүн бирине кирип, үй ээси 1956-жылы туулган С.Тны, анын аялы 1964-жылы туулган С.Хны жана кызы 2002-жылы туулган С.Мны мык сууругуч жана күрөк менен сабап, үйдүн ичинен баалуу буюмдарды издеп таба албаган соң из жашырып качып кеткен.

Үй-бүлө мүчөлөрү Сузак райондук ооруканасына жеткирилген. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн.

3-январь: Ооруканага жеткирилген үй ээси С.Т. алган жаракатынан улам өзүнө келе албай жан берген.

4-январь: Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде кылмышка шектүү катары Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылы туулган Б.М. аттуу жашоочусу кармалган.

Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө, мурда үй ээсинин аялы менен аласа-береседен калган акчадан улам чырдашып жүргөнүн билдирген. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кармалган жаран Сузак районундагы 4 уурулук фактысына шектелүүдө. Ошондой эле анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

"КЫЛМЫШКЕРЛЕР НАРИСТЕГЕ МЫЛТЫК ТАКАП, АКЧА ТАЛАП КЫЛЫШКАН"

31-декабрдан 1-январга караган түнү: Эки адамдын өмүрүн алган дагы бир каракчылык фактысы Чүй облусунун Беловодское айылында катталган. Анда куралчан кылмышкерлер аталган айылдагы үйлөрдүн бирине киришип, 45 жаштагы үй ээси П.Вны, анын аялын жана кайненесин мылтык менен атып, үйдөн 100 миң сом акча, алтын зер буюмдарды алып кетишкен. Окуя болгон жерде үй ээсинин аялы жана кайненеси жан берген. Ал эми П.В. оор абалда ооруканага жеткирилген. Ошол учурда үйдө 2 айлык наристе да болгон. Коңшусунун айтымында, кылмышкерлер наристеге мылтык такап, үй ээсинен акча талап кылышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн.

2-январь: Эки адамдын өмүрүн алган кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В. жана 20 жаштагы Д.К. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

4-январь: Жогорудагы кылмышка катыштыгы бар делип, дагы 3 адам кармалган.

5-январь: Эки адамдын өлүмүнө шектелип кармалгандардын бири 23 жаштагы К.В. таэквондо боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиону экени белгилүү болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
08.01.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушунча адамдарды Уйуно кирип олтуруп кетип жатса.
Президентибиз Уйунордо камырабай эчтекеден коркпой жата бергиле деп отурат.
gute түзөттү 2018-01-08 18:29:42
08.01.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
gute, Каракчы кирсе олгучокту камырабай отура бер дегениго )))
08.01.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай каракчыларды омур бою эркининен ажыратыш керек,аларда ата-эне,ага-ини,эже карындаш деген сезим жашабайт.Каракчылык керек деген ой менен жашайт.
08.01.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чемпион болбой курупкал кудай жазанарды берсин.
08.01.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олум жазасын киргизиш керек болчу. Эми бул айбандарды окмот багат кайра. Моонотун толук отобой кайра чыгышат, кайра адам олтурушот, кармалса кайра камашат, анан кайра эле ошо...
08.01.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kattaldym,куноосуздор деле бейкуноо олумго кетет да
08.01.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жээнбеков эрктуу президент болсо.Анда жанагы АШАнын жан сакчысы ИИМдин башчысы Улан Исраиловту жумуштан бошотуп генералдык чинин алып салыш керек.Келгиле президентке кат жазайлык.
08.01.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Камырабай жашагыла
08.01.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Женил тамака уйронушкон эки буттуу айбандар! Эркинен ажыратыш керек, мумкун болсо атуу чечимин кабыл алып, башкалардын козун ачыш керек!
09.01.2018. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада Жуковскаяда катталган адам олтуруу боюнча кенири жазгылачы. Ватсапп аркылуу ар кандай маалмат келип жатат.
09.01.2018. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не деген соз айтышынды да билбейсин
09.01.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба.Адамдар эмне жырткычтан айырмасы жок болуп баратат.Адам олтуруу оной эле болуп калды бейм..Чара коруп катуу жазалабаса мындайлар дагы кобойот.
09.01.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ask094, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: