super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-ЯНВАРЬ: Тагдыры тоо булбулу Токтогулдукуна окшоп кеткен акын жана котормочу Карбалас Бакиров 64 жашка чыкты

 
"Жаз келгенин белгилеп,
Куштар учат канаттары желбиреп.
Көңүлүңдү көкөлөткөн негедир
Ушул жазгы сезимдерде эргүү көп", -
деп алгач 15 жашында ыр саптарын кураган акын жана котормочу Карбалас Бакиров 1954-жылы 8-январда Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген.
1971-жылы Өзгөрүш орто мектебин бүтүрүп, бир жыл чабан болуп иштеген. 1972-1977-жылдары Киев шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-1979-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинде окуган.
Өмүр жолу тоо булбулу Токтогулдукуна окшогон Карбалас Бакиров бир жолу “Балык башынан сасыйт...” деген темада Токтогулдагы бир дүкөндүн жетекчиси жөнүндө макала жазат. Ал жетекчи кийин ошонун айынан жумуштан алынган. Бирок ал ошол учурдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Бакировду куугунтукка алып, жыйынтыгында акын Сибирге шарттуу түрдө кесилип кеткен.
Сибирден келгенде татарча сүйлөп келип, кайрадан өзүнүн кайрыктарын эстеген соң кыргызча төккөн Токтогулдай болуп, Карбалас Бакиров барган жеринде орусча сүйлөй берип, кыргызча жазгандан кыйналганын айтканы бар.
1979-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун алдындагы үгүт бюросунун кабарчысы, 1992-2000-жылдары "Кыргыз Туусу" гезитинде маданият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 2000-2003-жылдары "Кыргызпатентте" (Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик) котормочу болуп эмгектенген. 2003-жылдан тартып "Эркин-Тоо" гезитинде маданият, адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштаган. Карбалас Бакировдун кыргыз тилинде "Адашкан кентавр", "Коргондогулар жана чексиздик", "Көкүлчөн кыялдар" китептери жарык көргөн.
Бексултан Жакиев жана Карбалас Бакиров
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Бир нече поэзия фестивалдарынын лауреаты. Алгачкы ыры 1969-жылы "Кыргызстан пионери" гезитине жарыяланган.
2003-2006-жылдары Түркиянын Сивас, Элазыг шаарларында өткөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын эл аралык жолугушуусунун жана "Хазар поэзия кечтери" фестивалынын катышуучусу. 1992-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
8-январдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
08.01.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы коп жашаныз Агай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: