super.kg logo

Түрмөдө жаткан кылмышкер оорулуу балдарды Түркиядан дарылатууга жардам берем деп элди алдоого шектелип жатат

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери №47-абакта жазасын өтөп жаткан кылмышкерден телефон аркылуу 3 үй-бүлө жабыркагандыгын аныктады. Бул тууралуу маалыматты ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышкер оорулуу балдарды Түркиядан бекер дарылатып берем деп социалдык тармактарга билдирүү жарыялап ага байланышкан адамдарды алдап жүргөн.

Иликтөөнүн жүрүшүндө мурда бир канча жолу соттолуп, жатак-абагынан качууга аракет кылган, алдамчылык боюнча жети жылга эркинен ажыратылып учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 30 жаштагы Т.К. аттуу жаран шектелүүдө. Ал буга чейин үч үй-бүлөнү да телефон аркылуу алдаганы белгилүү болду.

Бул боюнча топтолгон маалыматка ылайык, иш ЖАМКнын иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. 47-абактын кызматкерлеринин үстүнөн жазасын өтөп жаткандарга телефон аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүндүк бергендиги үчүн териштирүү иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.01.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турмодо телефон менен суйлоштурбочу эле го мурун бул кандайча болду ошондо
09.01.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр турмодогулордун баарында бар телефон.Ватсап одноклассникиде журушотго
09.01.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баягы,1000 000 утуп алдыныз,машина утуп алдыныз,баланыз авария болду,баланыз больницада,бироо бычактап кетти,реанимацияда,срочно акча которгула деп апаларга,энелерге чалган шылуун акмактар ушуларда,абактагылар.Бетке бетке тээп, ХХХХ керек
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-09 10:54:49
09.01.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуларды бекер эле окмот бакпай кыйнап иштетиш керек.гостница сыяктуу эле жеп ичип убагын откоруп жатат.жогор жактагылар турмолорго швея ачып берсе жок дегенде оздорунун кийимдерин оздору тиксе (дегеним толко турмодогулор кие турган уни форма)же темир уста кана ачып койсо,же болбосом шахтыларга алып барып иштетсе кичине болсода пайдасы тиймек беле.Азыр просто турмо деген эле аты болбосо жеп ичип жатышат,адам олтургонуда тоок урдаганыда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: