ИИМ: "Орусияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн деген шек менен каттоодо турган"
Орусияда киши колдуу болуп каза болгон эки Кыргыз жаранынын бири кылмыштуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн деген шек менен каттоодо турган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ИИМдин маалымат кызматынан 9-январда кабарлашты. Бирок буга чейин анын соттолгону же соттолгон эместиги белгисиз.
"Каза болгондордун бири Искендер Ж. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн деген шек менен 2015-жылы каттоого алынган", - деп билдиришти ИИМден.
Эскерте кетсек, Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Ж.Искендер Т. жана 1981-жылы туулган М.Мурат М. аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп өлгөнү белгилүү болду. Алар 29-декабрь күнү кечинде Москва шаарындагы Люблино метросуна жакын жердеги "Алмаз" деген кафеге отурушуп, андан чыккандан кийин дайынсыз болуп кетишкен.



иштеп канча мекендешибиз уй жай салып,
бала чакасын багып журушот.
Кыргызстанда уйундо тынч жаткан эмчектеги
баласы бар келиндерди деле аёосуз олтуруп
кетип жатышпайбы!!!
Тынч журуш керек,каерде болбо,Аллахдан
амандыгынды тилеп журсон жакшы.