super.kg logo

Футболчу Дмитрий Тарасов сүйүктүүсү менен мыйзамдуу түрдө никелешти

 
Мыйзамдуу түрдө никелешкен жубайларды куттуктоого түгөйлөрдүн жакындары гана келишкен.
Дмитрий жана Анастасия Тарасовдор

Орусиялык алып баруучу Ольга Бузованын мурунку жолдошу, футболчу Дмитрий Тарасов сүйүктүүсү Анастасия Костенко менен расмий түрдө никелешти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, түгөйлөрдү мыйзамдуу түрдө күйөө жана аял болушу менен куттуктоого эң жакын гана туугандары жана достору келишкен. Костенко жолдошунун фамилиясына өтүп, Анастасия Тарасова аталган.

"Биз жөн гана мыйзамдуу түрдө никелештик. Заманбап үйлөнүү той сөзсүз түрдө болот, бирок азыр эмес", - деген футболчу.

Орус маалымат булактарынын жазганына таянсак, Анастасия учурда кош бойлуу болушу мүмкүн.

"Анастасия көптөн бери курсагын жашырган кенен кийимдерди кийип жүрөт, ал гана эмес социалдык тармактагы баракчасына да жүзүн гана көрсөтүп түшкөн сүрөттөрүн жарыялоодо. Футболчунун үйлөнүү чечимин шашылыш кабыл алганына, анын жубайынын кош бойлуу экени себеп болушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми жубайлар бул тууралуу эч кандай билдирүү таратышкан эмес.

Эске салсак, буга чейин футболчу Мальдив аралдарынан сүйүктүүсүнүн колун сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
10.01.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгиз миранчуктар туратго
10.01.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
учунчу жолу уйлонуп жатабы?
10.01.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MKW.MYRZAiYM,жок Экинчи жолу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: