super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Жашоодо карьера эмес, жакындарыңдын амандыгы башкы орунда экенин көрсөткөн "План Б" тасмасы SUPER.KG порталында

 

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү Бакыт Осмонканов режиссёрлук кылган "План Б" тасмасы менен толукталды.

Фильмдин башкы каармандарынын образдарын Бакыт Осмонканов, Улан Чыналиев, Айжан Аденова жаратышкан.

Кинонун режиссёрунун айтымында, фильм 2016-жылдын эң кирешелүү тасмасы болгон.

“Фильм 2016-жылы тартылган. Жарым жылда толугу менен тартуу иштери соңуна чыккан. Актёрлордун баарын шаардагы театрлардан тандап алганбыз. Фильм адам үчүн башкы орунда карьера же байлык эмес, жакын адамдарынын ден соолугу, алардын амандыгы маанилүү экендигин көрсөтөт. Айта кетсем, бул тасма 2016-жылдын эң кирешелүү киносу болгон", - дейт Осмонканов.

"План Б" тасмасы жашы 30га чыкса да карьера, "бутка турганда" үйлөнөм деп жүргөн Бакыт аттуу бойдок жигит тууралуу болот. Бакыт өнөктөшү менен жүргүзүп жаткан жумушу жакшы болуш үчүн инвестор издейт. Инвесторлордун баары кризис, акча жок деп баш тартышат. Араң тапкан инвестору келишим түзүү үчүн ишкер үй-бүлөлүү болуш керек деген талап коёт. Тез арада үйлөнүү же убактылуу аялдын ролун ойногонго кыз табуу керек эле. Башкы каарман Бакыттын сүйгөн кызы таарынып сүйлөшпөй койгондуктан, кол алдында иштеген кыз убактылуу аялдын милдеттерин аткармакчы болот. Кызыктын баары инвестордун башкы каармандын үй-бүлөсү менен таанышам деген сунушунан кийин башталат...

"План Б" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.01.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кино башталды коргуло План Б
11.01.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Бакыт тартылган кинолор жаман эмес.Маанай ачылып бир кулуп алдык
11.01.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ ктрк апамды издеп тасмасын көрсөттүго эмнеге силерде жок?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: