super.kg logo

Актриса Меган Маркл ханзаада Гарри менен үлпөт тоюна 4 ай калганда социалдык тармактардагы баракчаларын өчүрдү

 

Актриса Меган Маркл Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри менен үлпөт тоюна 4 ай калганда бардык социалдык тармактардагы баракчаларын өчүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 9-январдан баштап актрисанын социалдык тармактардагы баракчалары жеткиликтүү эмес болуп калган.

Ханзааданын сүйүктүүсүнүн Твиттердеги баракчасында 350 миң, Фейсбукта 800 миң, ал эми Инстаграмда 1 миллион 900 миң досу болгон. Ал социалдык баракчаларды активдүү колдонуп, байма-бай сүрөттөрдү жүктөп турган.

Буга чейин 2017-жылдын апрель айында Меган жашоо образы, кайрымдуулук жана тамак-аш тууралуу жазган "The Tig" блогун жапкандыгы тууралуу маалымдалган. Ошондой эле Меган ханзаада Гарри менен биргеликте берген алгачкы интервьюсунда актёрлук карьерасын жыйынтыктап жаткандыгы тууралуу айткан.

Эскерте кетсек, Гарри жана Меган Марклдын үйлөнүү тою 2018-жылдын 19-майында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
11.01.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн тура кылат,эл козундогу адам болгондон кийин арким аркандай оюн айтат,ажырашып кетуунун туздон туз себебида ушул тармак?кобун ажыраштырып тынмай болду?эн жакшы ойго келиптир,тармактык жашоону эмес чыныгы тынчтык жашоону тандаптыр,бактылуу болсун?
11.01.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыныгы Леди ,Уй булодон откон кымбат нерсе барбы?
11.01.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон койсо жапмак эмес мне кажется заставили.. буларда даже нормально маникюр дагы жасатышбайтго. Булардын уй булоосундо просто тыйуу салынган.
11.01.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тангору, анжелика дагын ушинтсе акыркы создор чыкпайт беле деймда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: