super.kg logo

Чүйдө 7 миллион сомдук жер тилкесин 125 миң сомго сатып жиберген жергиликтүү жетекчилерге кылмыш иши козголду

 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл аймагынын аткаминерлерине Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баасы 7 миллион сомдон ашык турган мамлекеттин эсебиндеги жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберген деп Башкы прокуратура Таш-Дөбө айыл аймагынын мамлекеттик кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Алар 2011-жылы 11-ноябрда мыйзам бузуу менен 70 сотых жерди Н.У. аттуу жаранга 49 жылга пайдаланууга берген. Ошол эле жер тилкесин 2013-жылы 12-ноябрда ошол учурдагы баасы 7 миллион 356 миң сомду түзгөнүнө карабастан С.Т. аттуу жаранга 125 миң сомго мыйзамсыз сатып жиберген деген айып коюлган.

"Аларга 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-берене (жер мыйзамдарын бузуу), 315-берене ( кызматтык жасалмалуулук), 350-берене (жасалма документтерди жасоо же аларды колдонуу) жана 353-берене (өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголду. Ал жер тилкеси андан кийин бир нече жолу колдон колго өтүп сатылып, турак үйлөр курулуп кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
12.01.2018. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камагыла
12.01.2018. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat.97,Сатып же атып кеткенден кийин. Ойгоносунар соттор алдын алса болбойт беле
баарыле иш буткондон кийин карайт. Баркынар жок
соттор аткаминерлер силерден коркпойт ошон учун
кылмыш кылат. неге коркпойт себеби соттор ХХХХ
сатыласынар!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-12 08:59:36
12.01.2018. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча жылга камалат эми, королучу
12.01.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми аран эсинерге келдинерби мындай жол мн сатылып кеткен жерлер коп еле болсо керек жер алайын десен селхоз деп жазылып журот го докуметте....
12.01.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев,Бакиев,Акаевдин убагында жегендерди Сооронбаев чекеден кустурат окшойт
12.01.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Birimdik5555,Сооронбаев? Ким ал озу? Президентиндин фамилиясын билбейсинби э?
12.01.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
125 мин сомдун 100 минин прокурорго беришти унутканго чагы.
12.01.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иссскеп коеюн десе, Бакиевдин коттедждерин сатканынарга ким иш козгоду? Кана ошондой чоң жерди бүткөн уютный үйлөрдү болор болбос акчага сатканынарды ким көзөмөлдөйт?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: