ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: Айчүрөк Иманалиева юбилейи менен балдарынын туулган күнүн чогуу белгилей турганын айтты

"Өзүмдүн туулган күнүмдө уулумду төрөп, абдан кубангам. Бирок кызымды да 12-январда төрөйм деп такыр ойлогон эмесмин. Кудай буюруп быйыл балам 18, кызым 13 жашка толушту. Балдарым төрөлгөндөн бери өзүмдүн туулган күнүм экенин унутуп, көбүнчө аларга басым жасап калдым. Анын үстүнө кызыбыз үйдүн кичүүсү болгондуктан анын каалоосун орундатканга аракет кылабыз. Жыл сайын туулган күнүбүздү чогуу өткөрөбүз. Бир канча жылдан бери катташып жүргөн компаниябыз бар. Алар туулган күндү белгилесек да, белгилебесек да үйгө келип куттуктап кетишет. Быйыл да ошол досторубуз, жакындарыбыз менен борбордогу эс алуучу жайлардын биринде чакан кече өткөрүү алдында турабыз", - дейт ырчы.
Айчүрөк Иманалиева 1968-жылы 12-январда Талас районунун Калба айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эки жылдык эстрада студиясын, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. "Кызыл гүл" ыры менен бүт кыргыз журтчулугуна маалым болгон. 1995-1996-жылдагы "Азия даусы" эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1999-жылы Беларуста өткөн "Славян базары" эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы "Алтын скиф" эл аралык сынагынын лауреаты, Казакстандын Кыргыз жериндеги элчилигинин Ардактуу дипломунун ээси.

Айчүрөк Иманалиева 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.
12-январдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Жыргайтда апашка Анжелика ажырашып атса
Апашка эле чукуп атпайбы кайра