super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: Жүрөккө жеткен кайрыктардын автору, кайталангыс талант Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак

 

Кыргыз музыкасына зор салым кошуп, кайталангыс кайрыктарды жараткан белгилүү обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров көзүү тирүү болгондо бүгүн, 12-январда 77 жашка чыкмак.

Белгилүү обончу Жолон Мамытовдун "Издейм сени" аттуу ырына жан киргизип, ар бир уккан адамдын жан дүйнөсүнө бүлүк салган чыгарманы жаратуу Абдыкадыровго гана таандык өзгөчө таланттай. Обончунун ар бир чыгармасы лирикалуу маанайга ээ, обону мааниси терең сөздөр менен айкалышып тургандай туюлат.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Бала кезинен музыкага шыктуу талант 1963-жылы Ош педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.

Белгилүү обончу өзүнүн чыгармачылык жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында баштаган. Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган. Музыка тармагындагы инсандардын айтымында, Рыспай эч кимге окшобогон оригиналдуу композитор болгон. Ал музыкант эле эмес, торгойдун үнүндөй кубулжуган ырчылыгы, аккордеондо мыкты ойноо өнөрү, обонго тексттерди төп тандоого кудуреттүүлүгү менен айырмаланган.

Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган.
1988-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам алган соң "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Абдыкадыров 360 чамалуу обон жаратып, чыгармалардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна киргизилген.
Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгондо гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман-Тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, кийин Ош филармониясынын алдына эстелиги орнотулуп, коомдук фонд да уюштурулган. Рыспай Абдыкадыровго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.

12-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
12.01.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайталангыс талант Рыспай агабыздын ырлары туболук жашайт уккан сайын уккун келет
12.01.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх тируундо баалабаган мындай инсанды ошондогу бийлике наалат болсун Эми болсо лауреатына чейин чыгарып хотя жок легенде ушуну кылышты уялып . агай сиздин ырларыныз журогубуздо жашап келет. Козу тируу болгондо кандай гана обондорду чыгармак....
12.01.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Povetkin,Азаматсыз менин оюмду жазыпсыз.
12.01.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уккан жайым бар.Бир тун мактап ырдап бер десе ,бул киши жарыктык мен чондорду мактап ырдабайм деп коюп облустун чонунан омуру откучо куугунтук коруп,ТВга чыкпай концерттерден чийилип калчу экен.Эл Артистин берип койсо эмне,обондорунуз ,шедеврлериниз кылымдан кылымга кыргыз тируу кезинде жашап,таншыйт.Жарытылуу жашабаганыныз аз келгенсип,уулум жок деп арман кылчу экен.БИри кем дунуйо
12.01.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аккардеонист-виртуоз!Бул кишидей аккардеонду"финттери"менен черткен адам биздин олкодо жарала элек.Талантынызга таазим!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: