super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: Төкмө акын Идирис Айтбаев туулган күнүн белгилеп көрбөгөнүн айтты

 

Бүгүн, 12-январда белгилүү төкмө акын Идирис Айтбаев 33 жашка толду. SUPER.KG порталы куттуктоо үчүн байланышка чыкканда, ал ушул кезге чейин туулган күнүн белгилеп көрбөгөнүн айтты.

"Туулган күнгө анчейин маани бербейм. Кичинекей кезибизде да бул күнгө көп көңүл бурган эмеспиз. Болгону ушул күнү мени жарык дүйнөгө алып келгени үчүн апам менен атамды куттуктап, арнаган белектеримди берип турам, бирок алардан такыр белек албайм. Анткени бул менин эмес, ата-энемдин майрамы деп эсептейм. Бүгүн деле ошондой. Апам учурда Ошто, түн жарымында телефон чалып, куттуктоо сөздөрүмдү айткам. Кечинде камдап койгон белегимди көтөрүп алып үйгө барам", - дейт Айтбаев.

Идирис Айтбаев - 1985-жылы 12-январда Өзбекстандын Андижан шаарында туулган. 2014-жылы Ош шаарында өткөн кыргыз-казак айтышында биринчи жолу сахнага чыгып, ошондон тарта калың элге төкмө акын катары аты таанылган. 2017-жылдын 5-сентябрында резиденцияда кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселеси жөнүндө төгүп ырдаганы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев акынга үй жана унаа белек кылган.

12-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
12.01.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апппей чоң эле киши болсо кк десем 85турбайбы,англисче айтышканы жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: