super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: Кыргыз киносуна зор салымын кошкон атактуу режиссёр Болот Шамшиев 77 жашка толду

 

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев бүгүн 77 жашка толду. Ал 1941-жылы 12-январда Бишкек шаарында туулган.

Болот Шамшиев атактуу режиссёр гана эмес, актёр дагы. Москвада окуп жүр­гөндө Лариса Шепитьконун “Зной” аттуу фильминде Кемел аттуу баланын ролун аткарган. Кийин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына сценарий жазып, тасма тартып, атак-даңкка жетишкен. Анын эң мыкты фильми, албетте, "Ак кеме".

Режиссёр "Ак кеме" повестин журналдан окуп, анын негизинде кино тартуу идеясы оюнан кетпей койгон. Тасма 1976-жылы тартылып бүтөт. Фильм ошол жылы Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине, СССР Мамлекеттик сыйлыгына ээ болот. Бул тасмадагы бугунун мүйүзүнө илинген бешиктеги бала Болот Шамшиевдин өзүнүн баласы эле. Бешикке куурчакты илсе, бугу таптакыр сууга кирбей коёт. Ал эми бугунун мүйүзүнө илгенге эч ким даап баласын бербейт. Айласы кеткенде Шамшиев аялы, актриса Айтурган Темированы айылга дүкөнгө жиберип коюп, өзүнүн баласын бешикке салып, бугунун мүйүзүнө илет. Бактыга жараша, бугу баланы сууга агызып жибербей аман алып чыккан экен. Бул, албетте, режиссёрдун кесибине болгон сүйүүсү деп айтсак жаңылышпайбыз.

Жаш кезинде

СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев – Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Ардак белгиси ордени жана "Түрксой" уюму тарабынан алтын медаль менен сыйланган.

12-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: