super.kg logo

Чехияда президенттин добуш берүүсү үзгүлтүккө учурады

 

Чехияда президенттин добуш берүүсү үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, бүгүн Чехиянын борбору Прага шаарындагы добушканалардын бирине президент Милош Земан келген. Ошол учурда анын маңдайына жарым жылаңач аял "Земан - Путиндин сойкусу" деп чуркап чыккан. Жан сакчылар президент добуш бере электе эле дароо ал жерден алып чыгып кетишкен. Ал эми активист аял полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бирок чех президенти кийин ошол эле шайлоо тилкесине келип, добуш бергени белгилүү болду.

Айта кетсек, Чехияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоого өлкөнүн азыркы президенти Милош Земан баш болгон тогуз талапкер ат салышууда. Шайлоо бүгүн саат 14:00дөн 22:00гө чейин уланып, ал эми эртең саат 08:00дө башталып, 14:00дө жыйынтыкталат.

Земан Чехиянын президенти болуп 2013-жылы шайланган.

Талапкерлер: Иржи Драгош, Павел Фишер, Петр Ганниг, Марек Гилшер, Михал Горачек, Иржи Гинек, Вратислав Кулганек жана Мирек Тополанек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
13.01.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы 8эле талапкер экен биздикичи биздики оөз менен эмес ХХХХ менен кулушту кощуна мемлекеттер
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-13 16:31:20
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: