super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-ЯНВАРЬ: Кыргыздын залкар ырчысы, обончусу Чубак Сатаев көзү тирүү болгондо бүгүн 58 жашка чыкмак

 

Кыргыздын залкар ырчысы, обончусу Чубак Сатаев көзү тирүү болгондо бүгүн 58 жашка чыкмак. Ал 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган.

Чубак Сатаевдеги талант апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, Марат деген кошунасынын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнөт.

Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургунаалы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, “сен олуттуураак ырларга өт” деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.

Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калган. Реанимацияда 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен.

Учурда анын 37 жаштагы уулу Кубаныч Сатаев атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып элге тартуулап келет. Былтыр күзүндө Чубак Сатаевдин өзү туулуп-өскөн айылына айкели тургузулган. Айкелдин ачылышы 2018-жылдын жаз айларына белгиленген.

13-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
13.01.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сатаевдин экинчи баласы дагы жакшы ырдайт экен. Кубаныч инисине жардам берип чыгарса жакшы болмок
13.01.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чыныгы таланттуу болгон легенда болуп калды ал азыр ырчы коп жолдо бироону жолуктурсан эле ырчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: