super.kg logo

Жаңы жыл түнү Сокулукта мас кишини сүзүп, Бишкектеги көчөгө аны таштап кеткен айдоочу кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, аны унаасына салып Бишкекке алып келип көчөгө таштап салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 1-январга караган түнү болгон. "№4-Бишкек шаардык ооруканасына оор жаракаттарды алган мас абалындагы адам түшүп, жандандыруу бөлүмүндө эсине келбестен каза болгон. Кийин аны унаа сүзүп кеткени, ал Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 40 жаштагы К.Н. аттуу тургуну экени аныкталган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада маркумду сүзүп кеткен деп Бишкек шаарынын 45 жаштагы С.А.аттуу тургуну кармалды", - дешти мекемеден.

Ошондой эле шектүү кылмышты моюнуна алып көрсөтмө бергени да белгилүү болду. Суракта ал милиция кызматкерлерине Сокулук районунда каза болгон адамды сүзүп кетип, аны унаасына салып Бишкек шаарына алып келип көчөгө таштап кетип калганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.01.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озу молдо окшойт
13.01.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына спиртной ичимдикти ичпесе ал киши олбойт эле бул байкебиз камалбайт эле Эми кимге пайда кимге зыян ичсенда уйдон чыкпай ич олгучо.
15.01.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Povetkin,Кеп анын ичимдик ичкенинде эмес,кеп тиги XXXX кочого таштап кетип калганында. Ооруканага алып барса балким тируу калмак. Озу да камалбайт эле.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-15 08:55:24
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: