super.kg logo

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Көзү ачыктар аны тирүү дешкен

 

Өткөн жылдын 5-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Жолдошбек уулу Жаркынбектин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG'ге маркумдун таякеси Алтынбек Жаанбаев билдирди.

"Жаркынбек 4-декабрь күнү жумуштан чыгып Курманжан датка көчөсүндөгү “Голден сезон” аттуу кафеде достору менен эс алып отурушкан экен. Жээним алар менен чогуу кетүүгө макул болбой, кафеде калып калыптыр. Ошону менен үйгө кайтып келген эмес.

Биз аны издөө үчүн сүрөтүн бардык маалымат булактарына берип, күч органдарына кайрылдык. Төлгөчүлөргө барсак, "ал тирүү бир үйдө камалып жатат, жанында дагы 3 бала бар" дешкен. Көрсө, анын сөөгү 20-декабрда эле Бишкектеги Чоң Чүй каналынан табылыптыр. Биз муну 27-декабрда өлүкканадан билдик.

Ал 29-декабрда өзү туулган Куланак айылында жерге берилди. Сууда жата берип денеси шишип кетиптир. Киши колдуу болгон деп ойлоп жатабыз. Себеби жылаңач кылып чечинтип, сууга ыргытып жиберишиптир. Кийимдерин таппай койдук. Учурда судмедэкспертизанын жыйынтыгын күтүүдөбүз", - деди маркумдун таякеси.

Жаанбаев билдиргендей, каза болгон жигит 1998-жылдын 15-апрелинде Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Бишкек шаарындагы “Мадина” базарынын жанында жайгашкан тигүү цехтеринин биринде үтүкчү болуп иштеп жүргөн. Үйлөнгөн эмес. Бир тууган агасы менен Чоң Чүй каналы тарапта батирде чогуу жашашчу. Учурда апасынын жүрөгү ооруп, ооруканада дарыланууда. Кылмышкерлер табыла элек.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте 2017-жылдын 5-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткан 19 жаштагы Жолдошбек уулу Жаркынбек изделип жаткан. Ал 4-декабрдан 5-декабрга караган түнү Курманжан датка 115-дарегинде жайгашкан "Голден сезон" кафесинен чыгып үйүнө кеткен боюнча келген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(23)
13.01.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+49
Ээх жаман болгон экен жаткан жери жайлуу болсун.
Толгочу, бакшыларга ишенип кереги жок. Жолунду ачып беребиз байып кетесин деп базарларда отурушат Андай кыйын экен базарда суукта олтурбай оздорунун жолун ачып байып кетишпейт беле
13.01.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gute,Жыргаганынан барды дейсинби Айла таппай
Барасында не деер экен толгочу деп
13.01.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Жаткан жери жайлуу болсун,жаратканым озу куноолорун кечирсин.Кимдир бироо куноокор болгон болсо,тез арада табылып оз жазасын ар тараптан алынышын кудайдан тилеймин.Жакындарына сабр
13.01.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жаткан жерин жайлуу болсун Жаркынбек!
13.01.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баары ичкилик кафеден шайтандын оюндарынан коп олум келип чыгып жатат бейишин берсин Аллах Ким олтурсода жазасын алсын
13.01.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Козу ачыктар урдуруп коё беретта. Жайы жанаттан болсун.
13.01.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жери жайлуу болсун Аллахым күнөөлөрүн кечирген болсун. Ушу көзү ачыктарга ишенгендерге таң калам кантип ишенишет аферистерге деп. Көзү ачыктар көрөгөч болсо аалам сырларына келбей эле ким утаарын билип алат элего же биринчи орунду алыш үчүн 40 миң доллар бербейт элего. 40 миң доллар берээрде элге билинип шерменде болуп калышын билип андай кылбай коёт элего. Дүйнөгө аты чыккан сокур кемпирдин деле айткандары болбой калп болдуго. Болду эми сантрак сөздөргө ишене бербегиле.
14.01.2018. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
muslim87,Кимге каршы скйлоп тынсынып текеберлик кылсан ошого күнүн түшүп калашы толук мүмкүн. Бирооно билбей жаман сүйлөгөндөн алыс бол. Козү ачыктардын да ишенчүлөрү бар.

14.01.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
falkao, көзү ачыктарга күнүм түшкөндөн Кудай сактасын. Аллахым адам сымал шайтандардан өзү сактасын.
13.01.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
иий аттин бири кем дуйно,татынакай бала экен,аллахым бейишинен орун берсин,олумуно себепкер болгондор кудайым жазаласын,акмактар
13.01.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакындарына сабр
13.01.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшынакай жапжаш жигит((
13.01.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сокулуктун больницасынын астында бир козу ачык аял отурган экен сынап коройун деп 500 сом чыгарып менин канча уулум бар точносун айтып берсен моогул акчаны берем дагы сурай турган нерсем бар десем макул болуп картасын тияк бияка кылып сенде эки уулун бар экен бироосу больницада экен дейт эй энен мен ешё уйлоно элекмин кайдагы бала деп картасын столуна кошуп тээп жиберип басып кеттим бир эки аялдар карап турушкан болчу алар кулуп эле карап калышты айтаарым козу ачыктарга ишенбегиле
14.01.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jumahmatov,улуу эле эжени сөгүп, столун тээп кеткениңиз туура эмес болгон экен....
14.01.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jumahmatov,козу ачык адам кандай болот, айтып берейинби? Алдына карта, куран, теспе, камчы коюп отургандар козу ачык эмес алар "шатанистер". Козу ачык бул Дуйно таанымы кенен, акылдуу, билимдуу, алысты акылы менен коро билген, анализдей алган адамдар. Ал учун коп эмгек кылып окуп уйронгон адамдар
13.01.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаш жигит экен Аллахым бейишинин бир бурчунан насип эткен болсун жакындарына сабыр тилейм
13.01.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жапжаш бала. озуно приключения издеген Адам туну журот арты кайрылуу болсун...
13.01.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Классташым эле 1 партада отуруп чонойдук эле эми жоксун. Жаткан жерин жайлуу болсун
14.01.2018. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата энесине сабыр бер Аллахым. Бироонун умут менен чонойткон баласын олтургон келесоо акмактарды Аллах озу жазаласын.
14.01.2018. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун
14.01.2018. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дегенинерде бир сыр бар го дейм 4-дек бир адам жоголсо 5-дек ал жерде калган адамдын олугу табылса
14.01.2018. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Goodyer, 5-декабрда эмес 20-декабрда БЧК дан табылыптыр
14.01.2018. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: