super.kg logo

ТЕСТ: Тирүүлөй көмүлгөн адамдардын экспонаттары кайсы музейде сакталат? Эң узун динозаврды кайсы музейден көрсө болот?

 

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 100 миңден ашуун музей бар, ар бири өзүнчө уникалдуу. Дүйнөдөгү искусство жаатындагы эң белгилүү эмгектер түрдүү өлкөлөрдөгү музейлерде сакталып турат. Андагы коллекциялар өткөн доорлордон кабар берип, өзүнө кызыктуу фактыларды камтыйт.

Тарыхка, маданиятка, искусствого кызыккан адам үчүн музей ыйык жайга тете. Кыргыз жергесиндеги жана башка өлкөлөрдөгү музейлер жөнүндө билимиңизди текшерүү үчүн бул тесттен өтүүнү сунуштайбыз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Белгилүү "Мона Лиза" сүрөтү кайсы музейде сакталат?

Луврдагы белгилүү экспонаттардын катарына Леонардо да Винчинин “Жоконда” (“Мона Лиза”) баш болгон көптөгөн чыгармалары, Рембрандттын, Рафаэлдин сүрөттөрү, Хаммурапинин (Вавилониянын падышасы) мыйзамдар жыйнагы жана башкалар кирет.

Кийинки суроо


Кыргыз Мамлекеттик тарых музейинде
Эрмитаж музейинде
Лувр музейинде
Сүрөт уурдалган, учурда кайда экени белгисиз

Президент Сооронбай Жээнбеков музейге акыркы жолу качан барганы белгилүү?

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы 12-январда Мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан. Аткарылган жумуштар менен таанышып чыккан президент музейди керектүү экспонаттар менен толуктоо боюнча сунуштарын айткан.

Кийинки суроо


Жаңы жыл алдында
Күн сайын барып турат
2018-жылы 12-январда
Өмүрүндө бир да жолу барган эмес

Сүрөттөгү кайсы музей? Ал кайсы шаарда жайгашкан?

Сүрөттө Париждин борборунан, Сена дарыясынын оң жээгинен орун алган "Лувр" музейи. Ал 1793-жылы түзүлгөн. Ээлеген аянты – 160 106 чарчы метр, мындагы залдардын саны 200гө жетет жана алар 7 бөлүмгө бөлүнгөн. Экспонаттарынын саны 300 миңден ашуун.

Кийинки суроо


Париж шаарындагы "Лувр" музейи
Лондон шаарындагы британиялык музей
Мадрид шаарындагы "Прадо" музейи
Кадамжайдагы "Пирамида" музейи

"Музей" грек тилинен кантип которулат?

"Музей" грек тилинен "Музалар үйү" деп которулат. Муза - бул грек мифологиясында искусство жана илимди колдоочу кудайы. Ошондой эле, Муза деп эргүүнүн жана чыгармачылыктын булагын аташат.

Кийинки суроо


"Ыйык жер"
"Сыйынуучу жай"
"Бейиш"
"Музалар үйү"

2017-жылы Кыргыз өлкөсүндө чуу жараткан мумия кайсы музейде сакталган болчу?

Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия 2017-жылы 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги Тарых музейине өткөрүлгөн.

Кийинки суроо


Оштогу "Сулайман-Тоо" музейинде
Мамлекеттик тарых музейинде
Баткендеги "Манас" музей-комплексинде
Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде

Оштогу "Сулайман-Тоо" музей-комплекси качан түзүлгөн?

"Сулайман-Тоо" музей-комплекси 1949-жылы түзүлгөн. Анда тарыхка, археологияга, искусствого байланыштуу 33 миңден ашуун экспонат сакталат. Музей-комплекси эки негизги тема боюнча бөлүнөт: тарых жана аймактын жаратылышы.

Кийинки суроо


1949-жылы
2005-жылы
Биздин доорго чейин II кылымда
1917-жылы

Дүйнөдөгү эң ири музей кайсы?

Ватикандагы музей - дүйнөдөгү эң ири музей болуп саналат. Анда 1400 зал, 50 миң экспонат бар. Бардыгын көрүп чыгыш үчүн 7 чакырым басып өтүш керек.

Кийинки суроо


Лувр музейи
Бишкектеги Тарых музейи
Москвадагы космонавтика музейи
Ватикандагы музей

Кыргыз мамлекеттик тарых музейинен канча экспонат уурдалганы жакында белгилүү болгон?

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, Тарых музейинде жоголгон тарыхый баалуу экспонаттардын саны 503кө тең. Анын ичинде 1970-2000-жылдарга чейин жоголгондору бар. Алардын арасында 358 археологиялык предметтер, 2 медаль, 2 төш белги бар. Бул боюнча Маданият маалымат жана туризм министрлиги 2013-жылы маселени карап чыгып тийиштүү адамдардын баарын кызматтан бошоткон. Эң баалуу буюмдар таза алтындан турган ордендер болгон.

Кийинки суроо


100 экспонат
503 экспонат
Абдан көп уурдалган, саны дале белгисиз
Музей мыкты корголгон, бир да экспонат уурдалган эмес

"Музейдеги түн" фантастикалык комедиясы кайсы музейде тартылган?

"Музейдеги түн" фантастикалык комедиясы АКШнын Нью-Йорк шаарындагы табият таануу музейинде тартылган. Тасма 2006-жылы кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган.

Кийинки суроо


Лондондогу табият таануу музейинде
Нью-Йорктогу "Метрополитен" музейинде
Нью-Йорктогу табият таануу музейинде
Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде

Кайсы музейде тирүү көмүлгөн адамдардын экспонаттары сакталат?

Мексиканын Гуанахуато шаарындагы музейде тирүү көмүлгөн 111 эркектердин, аялдардын жана жаш балдардын жансыз денелери экспонат катары сакталат. 1833-жылы шаарда холера эпидемиясы күч алып көптөгөн адамдар тирүү көмүлгөн эле. 1865-1958-жылдары алардын туугандары көрүстөндөгү орунга салык төлөй албагандыктан сөөктөрдү жерден казып алууга мажбур болушкан.

Кийинки суроо


Андай музей жок
Париждеги "Лувр" музейинде
Санкт-Петербургдагы "Эрарта" музейинде
Мексикадагы Гуанахуато шаарындагы музейде

Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык үй-музейин ачууну ким демилгелеген?

Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун мемориалдык үй-музейи 2014-жылы 7-апрелде жубайы Мария Айтматова, кызы Ширин жана уулу Элдардын демилгеси менен ачылган. Бул үйдө жазуучу 32 жыл жашаган.

Кийинки суроо


Алмазбек Атамбаев
Жубайы Мария Айтматова, кызы Ширин жана уулу Элдар
Чыңгыз Айтматов өзү
Аскар Акаев

2000-жылы Кытайда табылган музейдеги музыкалык аспаптар качан жасалганы айтылган?

2000-жылы 23-октябрда Кытайда археологдор музыкалык аспаптар музейин табышкан. Андагы экспонаттар 2 миң жыл мурун Хань династиясынын мезгилинде жасалган. Көп жыл өткөнүнө карабай дээрлик бардык 150 музыкалык аспап жакшы абалда сакталган.

Кийинки суроо


2 миң жыл мурун
100 жыл мурун
Биздин доорго чейинки 10-кылымда
Андай музей табылган эмес

"Советтик Киргизиянын кызы" сүрөтүнүн түп нускасы кайсы жерде сакталат?

Семён Афанасьевич Чуйковдун "Советтик Киргизиянын кызы" белгилүү сүрөтүнүн түп нускасы Москвадагы Мамлекеттик Третьяков галереясында сакталат. Ал 1948-жылы тартылган. 1950-жылы Чуйков Кыргыз жергесиндеги көркөм сүрөт музейи үчүн сүрөттүн автордук копиясын жасап берген.

Кийинки суроо


Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде
Москвадагы Третьяков галереясында
Париждеги Лувр музейинде
Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде

АКШдагы Глор психиатриялык музейинде эмнелер бар?

Глор психиатриялык музейи АКШнын Сент-Жозеф шаарында жайгашкан. Башында 1874-жылы дарылоочу жай катары иштей баштаган. 1968-жылы дарыгер Жорж Глордун менчигине өткөндө, ал мекемени музейге айландырган. Анда психикалык жактан ооруган адамдарды дарылоо ыкмалары, дарылоодо колдонулган буюмдар көрсөтүлгөн.

Кийинки суроо


Адамдардын өлүктөрү
Белгилүү психиатрлар тарткан сүрөттөрү
Психикалык жактан ооруган адамдарды дарылоочу буюмдар
Адам өлтүрүү үчүн куралдар

Бою эң узун динозаврдын экспонатын кайсы музейден көрсө болот?

Германиянын Берлин шаарында табият таануу музейинде узундугу 12,6 метрге жеткен Бранхиозаврдын экспонаты бар. Ал "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген. Мындан тышкары бул музейде Танзанияда 20-кылымда табылган динозаврлардын көптөгөн сөөктөрүн да көрсө болот.

Кийинки суроо


Берлиндеги табият таануу музейинде
Москвадагы палеонтологиялык музейде
Канберрадагы динозаврлар музейинде
Улан-Батордогу динозаврлар музейинде

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(32)
15.01.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
16.01.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 6суроо
15.01.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
47бал билбейт экем
15.01.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
15.01.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
34
15.01.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
47 балл
15.01.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14уят элеее
15.01.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyzstan00,ха ха
15.01.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
87 балл
15.01.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
40 балл болуп калды. Озумо болот. Эртенки келечегибиз бугунку билимибизден коз каранды экен.
15.01.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
47
15.01.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
47 7туура 8ката кыйын экен
15.01.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
80 балл урдуруп эле баскылагам Туура болуп чыгып атты го.
15.01.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
15.01.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67
15.01.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
34 зоорго эптеп септеп))
15.01.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тузук эле окшойм.60 экен,
15.01.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
34 упай
15.01.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54 упай,озум тарых факультетин заочный бутком,)))
16.01.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20упай
16.01.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40 экен
16.01.2018. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул маалымат жонундо эч ким билбейт го
16.01.2018. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай. Билбейт экенмин мен да.тобекелге салып белгиледим.бирок жакшы нерселерди билип алдым))
16.01.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге комментарийлерге минус басасынар,мага ушул коммент кызык,ким канча балл алды экен деп карайм!!!
16.01.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555,колу кытышкандар коп.тушунбойсун.мен дагы тан калам
16.01.2018. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
80
16.01.2018. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
16.01.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
80 балл 3о туура эмес
16.01.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74балл
17.01.2018. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54бб
21.01.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай
18.03.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67 балл
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: