Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрдин отчёту кечиктирилип жатканын сындашты
Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында айрым “республикачы” депутаттар шаар мэри Иса Өмүркуловдун 3 ай ичиндеги аткарган жумушуна ыраазы эмес экендиктерин билдиришти. Депутат Эрнис Докенов шаар башчы 3 ай ичиндеги ишмердүүлүгү тууралуу отчётту 11-июндан кийин эмес, ага чейин бериш керек болчу деп билдирди. “Маселени шаардык кеңештин депутаттарынын арты менен чечип, бардык депутаттардын атынан сөз сүйлөөнүн кереги жок. Шаар тургундарын да сыйлайлы”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

