Бишкек мэриясынын алдында 50дөй шаар тургуну митинг өткөрүүдө
Бишкектин Октябрь районунда жашаган 50дөй жаран нааразычылык акциясы менен Бишкек шаардык мэриясынын имаратына келишти. Алардын талабы - шаардын Түштүк магистраль аймагында жайгашкан бир катар аймактарда курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат алуу. "Ата-Түрк" сейил багынын аймагындагы жашаган тургундардын бири Мирдан Усубалиевдин айтымында, 2006-жылы аталган аймактан сатылып алынган жер тилкелери учурда шаар мэринин буйругу менен мыйзамсыз деп табылууда. “Биз буга чейин Октябрь райондук администрациясын 2 жолу Жогорку Соттон утуп алганбыз, бирок дагы деле бизге курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салышууда”,- дейт ал. Учурда чогулгандар мэрдин чыгышын күтүшүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
2

