super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: Ырчы Замир Арыкбаев туулган күнүн үй-бүлөсү менен белгилей турганын айтты

 

Бүгүн, 17-январда белгилүү ырчы Замир Арыкбаев 37 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышып, бүгүнкү күнгө койгон пландарын укту.

"Мен негизи түнкү саат 2-3төрдө уктап көнүп алгам. Кечээ да кеч жаткандыктан, алгачкылардан болуп жубайым түн ортосунда эле куттуктаган. Эртең менен эрте туруп, түз эфирге бардым. Андан чыккан соң чачымды тегиздетип, азыр эле үйгө кирдим. Жубайым кечкиге даярданып, дасторкон жасап жатыптыр. Апам да үйдө. Туулган күндү, буюрса, кечинде үй-бүлө, бала-чакам менен белгилейбиз", - дейт ырчы.

Замир Арыкбаев 1981-жылы 17-январда Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Беш бир туугандын ортончусу. Алгач колунан комузун түшүрбөй фольклор, ошондой эле эстрада жаатында да активдүү болгон ырчы көпчүлүккө "Кудача кыз", "Даткайым", "Көлдүк карындаш" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.

17-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.01.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак-Олонбу же Кок-Мойнокбу
17.01.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак-Өлөңдүк байкем деп жүрөм го,үй бүлөңүз мн бактылуу болуңуз өмүрүңүз узун болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: