super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ЯНВАРЬ: Ар дайым "Оскар" сыйлыгын алууну кыялданган Жим Керри 56 жашка толду

 

Атактуу канадалык жана америкалык актёр, комедия жылдызы Жим Керри 1962-жылы 17-январда Канаданын Онтарио провинциясындагы Ньюмаркет деген жерде туулган. АКШдагы эң көп гонорар төлөнгөн комиктердин сап башында турат.

Актёр өзүнүн эмгек жолунда эки ирет "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болсо, алты жолу ал сыйлыкка көрсөтүлгөн. Бирок "Бет кап", "Алдамчы", "Кудурети күч Брюс" сыяктуу бир топ тасмалардын көркүн ачкан актёр, комедиялуу кинолордун "атасы" Жим Керри бир да жолу "Оскарга" талапкер болгон эмес.
Ал: "Прожектордун жарыгына көзүмдү уялтып, сыймыктануу, толкундануу менен сахнада тургум келет. Албетте, мындай жагымдуу учурга "Оскарды" алганда гана туш болсом керек. Бул эң башкы максатым", - деп айткан. Ал эми актёрдун күйөрмандары "Керринин талантынын алдында "Оскар" эч нерсеге татыбайт. Анын атагы бул киносыйлыктан көз каранды эмес" деп айтып келишет.
Актёр "Эйс Вентура", "Трумандын шоусу", "Айдагы киши", "Дайыма "Ооба, де", "Мистер Поппердин пингвиндери" жана башка бир катар тасмаларда унутулгус ролдорду жараткан.
Кызы менен

Ал 1987-жылы 8-мартта Мелисса Уомер аттуу актрисага үйлөнүп, ошол жылдын 6-сентябрында Жейн аттуу кыздуу болгон. 1991-жылы ноябрда Жим апасынан, 1994-жылы атасынан айрылып, үй-бүлөдө уруш-талаштар көп боло баштаган. Атасынын өлүмүнөн бир жыл өткөн соң ал Мелисса менен ажырашкан. Актрисага 7 миллион доллар төлөп берип, депрессияга кабылган. Мындай абалдан чыгуу үчүн актёр антидепрессанттарды колдонуп, ал жыйынтык бербегендиктен витамин ичип, спорт менен машыга баштаган.

Катриона Уайт менен

1995-жылы актриса Лорен Холли менен баш кошуп, 10 айдан кийин ажырашып кеткен. Мындан тышкары Рене Зеллвегер, өзүнүн дарыгери Тиффани Сильвер жана моделдер Женни Маккарти, Анин Бинг, Катриона Уайт менен сүйүү мамилелерин курган. Катриона Уайт актёр менен мамилесин үзгөндөн кийин көп дары ичип, өз жанын кыйган. Анын өлүмүнөн соң актёрго калтырып кеткен акыркы каты табылган. Анда кыз Керрини "мага оору жуктуруп, адам катары абдан басынткан" деп айыптаган.

17-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: