super.kg logo

Голливуд жылдызы Ким Кардашьян жаңы төрөлгөн ымыркайынын сүрөтүн сатуудан баш тартты

 
Ким Кардашьян
Балдары менен

Белгилүү Голливуд жылдызы Ким Кардашьян жаңы төрөлгөн ымыркайынын сүрөтүн сатуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Кардашьяндын ымыркайы төрөлгөнгө чейин эле белгилүү журналдар тарабынан наристенин сүрөтүн журналдын башкы бетине чыгаруу сунуштары түшө баштаган. Ал үчүн журналдар 2 миллиондон 5 миллион долларга чейинки гонорарларды сунушташкан. Бирок модель жана анын жолдошу Канье Уэст мындай сунуштардан баш тартышып, бул алардын моралдык принциптерине туура келбей турганын билдиришкен.

Белгилей кетсек, түгөйлөр буга чейинки уулу менен кызынын сүрөттөрүн аларга 2 ай толгондо, алгач социалдык тармактагы баракчаларына жүктөшкөн. Кийинчерээк белгилүү журналдардын бири сүрөттөрдү жарыялоого уруксат алган.

Эске салсак, Кардашьяндын үчүнчү наристесин карын эне 15-январь күнү жарык дүйнөгө алып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.01.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суроту учун 5 млн доллар, охооо не деген акча ээ,
18.01.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Карын эне алып келген болсо, озу торогон жокбу э?
22.01.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо кардашяндын өзүнүн төрөгөн баласы жокпу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: