super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: Жийдеш Идирисова: "Жыл сайын 2 жолу туулган күн белгилейм"

 

Бүгүн, 19-январда белгилүү эстрада жылдызы Жийдиш Идирисова 33 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда, чыныгы туулган күнү кечээ, 18-январда экенин, ал эми документте 19-январь болуп жазылып калганын айтты.

"Негизи мен 18-январда төрөлүптүрмүн. Бирок туулгандыгым тууралуу күбөлүккө 19-январь болуп жазылып калган. Андыктан жыл сайын 2 күн катары менен туулган күн белгилейм. Кечээ үй-бүлөм, жолдошум жана кыздарымдын куттуктоолорун кабыл алып, алар менен майрамдасам, бүгүн кечинде жакын санаалаштарым менен белгилөө алдында турам", - дейт ырчы.

Жийдеш Идирисова 1985-жылы 19-январда Нарын шаарында туулган. Ал "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган. 2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon 2015" Эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу ырды аткарып, 1-орунду ээлеген.

Ошондой эле 2016-жылдын декабрь айында өткөн SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу "Супер концертте" ырчылар менен бирге "Super.kg'ге арноо ырын" аткарган.
19-январдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.01.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушу ырчы чоорчулар кызыктай эле, мен 15де торолуп 16на жазылып калган, кийин башка паспорт алганда 20на жазылган канча кун белгилешим керек ошондо туулган кунду Жийдеш?
19.01.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,калагындай белгиле,ар кимдин озунун шарты мумкунчулугу бар ошого жараша белгилейтта!
19.01.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен менда 18и торолгом баары Бир кундо келишет 19у досторго 18и туугандарым деп болуп койсом болот экен
19.01.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча фабрика звёзддон чыккан.Аябай сонун ырдачу
20.01.2018. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу кытайбы не
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: