super.kg logo

"Айтматовдун дүйнөсү, дүйнө Айтматовсуз" аттуу фильмдин сценарийи даяр, тартуу үчүн каражат изделүүдө

 


Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Айтматовдун дүйнөсү, дүйнө Айтматовсуз" аттуу толук метраждуу фильм тартылат. Кинонун сценарийи даяр. Учурда тасманы тартууга каражат изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына белгилүү кинорежиссёр Бакыт Карагулов билдирди.

"Тасманы өзүм тартам. Айтматовдун ролун өзүнүн уулу Эльдар Айтматовго берели деп жатабыз. "Жамиляда" Айтматовдун жазганы бар "Мен бул сүрөттү али тартып бүтө элекмин, кандай болуп чыгат билбейм" деген. Тасманы мына ушундан баштайбыз. Чыӊгыз Айтматовдун эл билбеген, эч ким укпаган сандыкта катылган фактыларын алып чыкканы жатабыз. Тасманы тартууга уулу Аскар Айтматов өзү жардам берип жатат. Мындан сырткары "Түрксой" уюмуна кат жөнөттүк. Себеби быйылкы жылды аталган уюм "Айтматов жылы" деп жарыялады.

Акыркы жолу Айтматовду көрүп, сүйлөшүп калгандар бул Казак өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын эл башчысы Ильхам Алиев, Татарстандын мурунку президенти Минтимер Шаймиев болушкан. Бизге жазуучу алар менен кандай маселени талкуулап, эмнелерди сүйлөшкөнү кызык. Мунун баары фильмде камтылат. Ошол үчүн тасманын аталышын "Айтматовдун дүйнөсү, дүйнө Айтматовсуз" деп атадык", - дейт Карагулов.

Ал белгилегендей, аталган тасманын сценарийин кинорежиссёр Бакыт Карагулов, адабиятчы Абибилла Пазылов, мурдагы министр Түгөлбай Казаков жазып чыгышкан. Долбоордун координатору Аскар Айтматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
19.01.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
1.Акаевти президент кылып
2.атамбаевке 50000 рубль грантты берип салганы үчүн чынгызды сыйлабайм. Грант боюнча кылмыш иши козголуш керек болчу чынында
20.01.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adiletia,
50миллион рубль десен
19.01.2018. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ааламдын алп жазуусу Ч. Айтматовго терен таазим этебиз. Ч. Айматовду дуйно эли таанып турганда, кыргыздын ар бир атуулу сыймыктанабыз. Кыргызды Чынгызсыз, Чынгызды Кыргызсыз элестетуу мумкун эмес. Туура кино тартыш керек. Идеялогиялык мааниси зоор. Манас Атабыз жана Ч. Айтматов кыргыз элинин руханий символу.
19.01.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ыйык Манас Атабызды жана Чынгызды кыргыздын эки канатындай кабыл алам. Бир мезгилде Ыйык Манас Атабыз бүтүндөй кыргыздын башында журуп, өзүнүн баатырлыгын көрсөтүп, элди бир идеяга бириктирсе, Чыңгыз Айтматов бүтүндөй ааламга кыргыздын ким экенин таанытып, кыргыздардын башка улуттан айырмасы бар экенин, кыргыз улутунун касиеттүүлүгүн жеткирди. Чынгыз Айтамтовду мен кыргыз учун 21 кылымдын пайгамбары катары кабыл алам.
20.01.2018. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактай көр.
20.01.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
pat12,тообо кылдым жакщына жазчы
20.01.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
guljan_o,ха ха пайгамбар дейтгооо
19.01.2018. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чынгызды кантип МАНАС Атага теңеп атасыңар башы жоктор. МАНАС Ата кыргыз элим жерим деген. Акча байлык деген эмес. чынгыз башкарган кыргызстан эмне болду? Артка кетти
19.01.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kojo1995, Сизге акча, байлык маанилуу болуп жатса, анда Айтматов жонундо ой жугуртуп убара болбонуз. Айтматовду сиз тааныбасаныз дуйно эле тааныйт жана сыймыктанат. Оз агасын данктай албаган, башкага барып сагалайт
20.01.2018. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pat12, Акча байлык деген эмес деп МАНАСты айтып атам. чынгыз алып келген адамдар акча деп канча жерди сатты. Түшүндүрүп коёюн чынгыз бийликте чон роль ойногон, чынгыздын айтканы менен болгон убагында. 50миллион рубль уурдалып атса кылмыш ишин эмне үчүн козгогон эмес. Айтматов кыргызды дүйнөгө тааныткан бирок жазуучулар союзуна берилген акчанын аягына чыгыш керек болчу. акаетен сурап алгандан кийин
Kojo1995 түзөттү 2018-01-20 00:14:43
19.01.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнону билим, илим жана Айтматов аркылуу тааныйбыз.
20.01.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул менин жеке оюм, бирок, Айтматов кыйын дегенибиз мн кыргызды жалан жаман жагын коргозгон. туура, ар бир элде ушунлай корунуш болгон, бирок, ошону жарыя кылуу керек эмес да.
20.01.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазуучу болуп эле жүрө берсе жакшы болмок политиканы башкарбай. Кыргызстан өнүкмөк. Мафия коррупцияны ушу киши баштаган
Adiletia түзөттү 2018-01-20 13:52:44
20.01.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен Чынгыз Айтматовду политик катары билбейт экенмин, бирок жазуучу катары эн жакшы денгээлде билем, мындай таланттуу адам бир кылымда бир болот!!!
20.01.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ferdews,
кыргызстанды үстүнөн ушул киши башкарганын билип жүр. Эч ким тааныбаган Акаев кайдан келип калды президент болуп?
Adiletia түзөттү 2018-01-20 17:58:33
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: