super.kg logo

Зергер-сүрөтчү Виктор Сырневдин көргөзмөсүнөн фоторепортаж

 
"Хан-Теңири чокусу", 2014-жылы жасалган композиция. Бийиктиги 52 сантиметр.
"Көңүл эргүү: Жыгач-бугу", 1986-1989-жылдары жасалган. Бийиктиги 90 сантиметр.
"Биз бир бактын жалбырагыбыз", 2012-жыл. Бийиктиги 85 сантиметр.
"Кытайлык аткаминердин сүрөтү", 2014-жыл. Бийиктиги 81 сантиметр.
"Венеранын төрөлүшү". Бийиктиги 73 сантиметр.
"Хеннесси ааламы 1765-2020", 2017-жыл.
"Ойлонуп жаткан киши", 1990-жыл. Бийиктиги 65 сантиметр.
"Венециядагы карнавал", 2014-жыл. Бийиктиги 90 сантиметр.
"Элечекчен аял", 2002-жыл. Бийиктиги 63 сантиметр.
"Периштенин көз жашы", 2015-жыл. Бийиктиги 83 сантиметр.
"Чырпык көтөрүп бара жаткан кыз", 2015-жыл. Бийиктиги 85 сантиметр.

Бишкек шаарындагы Чуйков атындагы көргөзмө залда эл аралык сынактардын жеңүүчүсү, зергер-сүрөтчү Виктор Сырневдин "Жибек жолундагы менин Одиссейим" аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы бүгүн, 19-январда өттү.

Көргөзмөдө бийиктиги 50 сантиметрден 1 метрге чейин жеткен баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган композициялар көрсөтүлгөн.

"Менин чыгармачылык жашоомдо "Жибек Жолу" темасы эң маанилүү. Ар бир композиция ар кайсы элестерге арналган. Бири Япониядан көргөн нерселериме арналса, экинчиси Кытайдагы жана башка жактагы көргөндөрүмө арналган. Мен үчүн кызыктуу темалар айкелге жана объекттерге айланган. Бул иш менен 1968-жылдан бери алек болуп келем. Бүгүнкү көргөзмөдө көрсөтүлүп жаткан "Жибек Жолу" темасынын алкагындагы композициялар 1990-жылдан бери чогултулган. Алгач иштерди баштап жатканда жөн эле жасагым келчү, бирок жылдар өткөн сайын жаңы, кызыктуу темаларга өтүп кетип, көп композиция чогулганда мунун баары бир тема экенин түшүнө баштадым. Мунун баары мээде өзүнөн-өзү жаралып калат", - дейт Сырнев.

Виктор Сырневдин айтымында, анын "Хеннесси ааламы" аттуу композициясы күзүндө Франциянын Париж шаарындагы көргөзмөгө коюлат.

Айта кетсек, Виктор Сырнев бүткүл дүйнөдөгү 160 жеке жана тайпалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Алардын ичинде Германия, Италия, АКШ, Швейцария жана башка өлкөлөрдөгү ири көргөзмөлөр да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: