super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ЯНВАРЬ: Гүлнур Асанова: "Кичинекей жээнимдин куттуктоосу жүрөгүмдү элжиретти"

 

"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер дебюту" наамынын ээси, кыргыздын салттуу музыкасын тандап, калкка талантын тартуулап келе жаткан ырчы, актриса Гүлнур Асанова бүгүн, 20-январда 30 жашка чыкты.

Ырчы менен байланышып туулган күнү менен куттуктаганыбызда, ал ыраазычылыгын айтып төмөнкүлөрдү билдирди.

"Эмнегедир 30 жаш башкача угулат экен. Жарык дүйнөгө келген күнүм менен бүгүн таң эрте биринчилерден болуп Умар аттуу кичинекей жээним куттуктады. Жаңы чыгып келе жаткан бал тили жүрөгүмдү элжиретип жиберди. Бул кичинекей мааракемди жакын адамдарым менен белгилейин деп жатам", - дейт ал.

Ошондой эле ырчы жыл сайын туулган күнүнө түрдүү белектерди аларын, ал үчүн эң оригиналдуу жана эстен кеткис белек болуп апасынын 29 жашына арнап чыгарган 10 куплет ыры экенин кошумчалады.

Гүлнур Асанова Аксы районунун Кербен шаарында 1988-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал ырдап, дастан айтуудан сырткары “Туңгуюк”, “Ак кеме”, “Уркуя”, "Эгиздер тагдыры", "Кылмыш" тасмаларында роль жараткан.

Ошондой эле "Улуу Жибек Жолу", "Нооруз-2010", "Нооруз-2011" эл аралык фестивалдарынын лауреаты, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси жана башка сыйлыктар менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
20.01.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунунуз менен Гулнур эже Сиз аябай таланттуусуз мага сиздин жонокойлугунуз аябай жагат
20.01.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулнара туулган кунун менен куттуктаймын. Бул куну менин Апам да 65 жашка чыкты. Экоондун туулган кунун бир кундо экен.
20.01.2018. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kol88,Гулнара апанын атыбы?
20.01.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Охоо оттузга чыгыптыр менин оттузга чыккан женемдин уч баласы бар чону экинчи класста окуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: