super.kg logo

Жылдын эң начар актёр, актрисаларын аныктаган "Алтын малина" антисыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

 
Жонни Депп
Том Круз
Жейми Дорнан
Тайлерр Перри
Эмма Уотсон
Дакота Жонсон

Өткөн жылдын эң начар актёр, актриса жана тасмаларын аныктаган "Алтын малина" антисыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, "Алтын малина" антисыйлыгынын уюштуруучулары 2018-жылдагы иш-чараны адамга жана айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган элементтерге каршы күрөшүүгө арнаган.

"Эң начар актёр" наамына "Мумия" тасмасындагы ролу үчүн Том Круз, "Элүү түскө күңүртүрөөк" тасмасында жараткан образы үчүн Жейми Дорнан, ал эми Жонни Депп "Кариб деңизинин каракчылары: Арбактар жомок айтпайт" тасмасындагы ролу үчүн сунушталса, "Эң начар актриса" наамына Дакота Жонсон "Элүү түскө күңүртүрөөк", Эмма Уотсон "Чөйрө" фильмдериндеги ролдору үчүн сунушталса, актёр Тайлерр Перри "Мэдеинин Хэллоуини 2" тасмасында аялдын образын жараткандыгы үчүн сунушталган.

Ал эми "Эң начар тасма" номинациясына "Эмоджи тасма", "Трансформерлер: акыркы баатыр", "Элүү түскө күңүртүрөөк", "Мумия", "Малибу куткаруучулары" тасмалары сунушталган. Жыйынтык 2018-жылдын 3-мартында аныкталат.

"Алтын малина" - антисыйлыгы 1981-жылы америкалык Жон Уилсон тарабынан уюштурулган. Сыйлык жылдын эң начар актёру, актрисасы, тасмасы, режиссёру, тасмага жазылган музыкасы номинацияларында тапшырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
22.01.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вроде жакшы эле фильмдер го и актерлер деле жакшы эле аткарышкан
22.01.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
салам супер инфо.жылдын мыктыларын кайдан окусак болот.мыкты ырчы ж.б
22.01.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге мындай сыйлык берилсе 80-90% актерлор алат го дейм. И кинолору да толтара
23.01.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Том Круз Мумия, Дакота 50оттенок ушул ага беришсин))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: