super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаттарынын көбү оштук жана чүйлүк, ал эми эң азы Ысык-Көл жана Баткен облустарында төрөлгөн

 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын көбү Ош жана Чүй облустарында төрөлгөн.

Парламенттин расмий сайтынын маалыматы боюнча, Оштон 34, Чүйдөн 32, Жалал-Абаддан 17, Нарындан 11 жана Таластан 8 эл өкүлү бар. Ал эми депутаттардын 10 пайызы Ысык-Көл жана Баткен облустарында туулган, тагыраагы Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдөн 6, Баткенден 6 эл өкүлү бар. Ошондой эле чет өлкөдө 3 депутат төрөлгөн.

Райондор боюнча карасак, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунда туулган депутаттардын саны салыштырмалуу көп.

Айта кетсек, бүгүн, 23-январда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков кредиттик, гранттык жана бюджеттик каражаттар аймактарга туура эмес бөлүнүп жатканын сынга алган. Анын айтымында, кайсы аймактан депутаттар, чиновниктер көп болсо каражат ошол жакка агып кетип жатат.

"Аймактарды өз ара салыштырганда да айырмачылыктар чоң бойдон калууда. Дисбаланс көрүнүп турат. Бири өнүксө, экинчиси токтоп турат. Анткени күчтүүсү бюджеттик, гранттык жана кредиттик каражаттарды тартып кетип жатат. Жашырбай эле айтайын, кайсы жактан депутаттар, чиновниктер көп болсо каражат ошол жакка агылып жатат. Өнүгүүнүн балансы бузулду", - деген Жээнбеков.






Президент: “Кайсы аймактан депутаттар көп болсо, акча ошол жакка агып жатат“

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
23.01.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутат болуп иштеп турганда эле айтпайт белен
24.01.2018. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Rusbek1987,Бул деген болуп жаруу деп ойлойм
оштук чуйлук дегенинер туура эмес кыргыз болсо
болду
23.01.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Тарыхта деле хаедар только туштук тундукто болгон Кол Баткендерде только баатырлар болгон оо тарыхта ушундай
23.01.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайсы депутаттар чындап иштеп,жыйынтык коргозуп жатат,кимдери жон эле санды кобойтуп журушот?!Ошолорду да сандар менен оз-озунчо болуп коргозуп койсонор болмок экен...
23.01.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындай сунуш бар. Айдын айагында ар бир депутат министлердин кылган ишин эсеп жообун карап чыгып анан айлык толош керек. Кайда барды баардык эмне жеди баарын козомолго алыш керек. Жон эле келип кетип жургондорду айлык толобой штраф салыш керек. Ким бироо айткандай эл алдында уйат кылыш керек. КТРДен кундо 5 маал корсотуп.
23.01.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамлекеттик кызматтарга партия менен барууну токтотуш керек! Бул чет олколук закондор бизге туура келбейт экен, Текебаев акебиз билбей эле кочуруп алыптыр. Жогорку кызматтарга экзамен аркылуу, Аллахтан корккон илимдуу, саясатты тушунгон, тарыхты окуган адамдарды бийлике келетурган кылыш керек. ЖКда акчасы бар бирок тушунугу сен Баткен мен Нарын деп отурсак Украинадай кылып мамлекетибизди душмандар болуп кетбесин. Аллах сактасын Кыргызстанды.
23.01.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болунгуло ушинтип
23.01.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өз жерлерин деле кыйратып жиберген эмес бул жепжутаттар! Өздөрүн гана арам акчалар менен байыткандан башка кылган иштерин көрө албай жатат эл!
23.01.2018. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтыптыр президент.точно ушундай.кеебир аймактар такыр каралбай калган.озу ооп кетпесе эле бир жактуу кылып болбой.
24.01.2018. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир мандатуу кылып түрүп ар облуска 5тен берип коюш керек ошол жетиштүү
SUPER.KG видео
24.01.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агып атат деп суйлой бербей!! Контрол кылбайсынбы президент болгондой кийин!! каждый ай не иш кылдын деп отчёт ал
SUPER.KG видео
25.01.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай сайын кагаз жүзүндө эмес иш жүзүндө отчет алса кичине алдыга жылат элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: