super.kg logo

"Сосновкада" бензовоздордун оор салмак менен өтүп жатканын жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

 

"Сосновка" транспорттук көзөмөл өткөрүү жайынын кызматкерлери бензовоздордун оор салмак менен өтүп жатканын жашырганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 12-августунан 12-сентябрына чейин DAF жана Вольво үлгүсүндөгү эки бензовоз менен белгиленген өлчөмдөн ашыкча жүк менен (солярка) Баткен облусуна төрт жолу барып келишкен. Бирок аны "Сосновка" транспорттук көзөмөл өткөрүү жайынын кызматкерлери жашырып коюшкан. Анын кесепетинен мамлекетке 400 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Азыркы тапта Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.01.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Төрттөн жолу дебей төрт жолудан деген туура болсо керек
XAN-TORO түзөттү 2018-01-24 11:24:48
24.01.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал кызматкер атайлаган эмес. Ал буйрук аткарган ал дагы бир жеп жутардын грузовойлору да
24.01.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошол жерде кассада иштеген кишилер наглый. крупныйрак акча берсен майда жок деп эле коюшат.
24.01.2018. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи жолу болгонсуп тимеле жашырып койгон дейт го. Андайлар кун сайын эле болот. Перегруз менен иштебесе,актабайт машиналар барып-келгенин. Ар бир категориядагы машинанын оз ставкасы бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: