Араван районунда 16 жашка толо элек кызды күйөөгө берген таенеси соттолду
Араван районунда 16 жашка толо элек кызды күйөөгө берген таенеси 3 жылга шарттуу эркинен ажыратылды. Өкүмдү Араван райондук соту 2018-жылдын 11-январында чыгарган.
Маалыматка караганда, кыздын таенеси Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (Аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. Ушул эле кодекстин 63-беренесинин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип, 1 жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Өкүм күчүнө кирип, өкүмдү аткаруу жазык аткаруу инспекциясына жөнөтүлгөн. Өкүмгө тараптар тарабынан даттануу келтирилген эмес.
Жабырлануучу соттук отурумда никеге турганга чейин эле күйөөсү Т.О. менен бир жылдан ашык сүйлөшүп жүрүп, жыныстык катнашта болушканын жана боюнда болуп калгандыктан өз каалоосу менен турмушка чыккандыгын айткан.
Айыпталуучу ага угузулган айыбы боюнча күнөөсүн толук моюнуна алып, ал үчүн өкүнүп жатканын билдирген.
Ал эми нике кыйган молдонун кыймыл аракетинде кылмыштын курамы аныкталбагандыктан ишти Араван райондук ички иштер бөлүмү кыскарткан. Анткени нике кыйып жатканда, кыздын таенеси молдого 18ге чыккан деп калп айткан.
Ошондой эле жабырлануучунун кайненеси 2017-жылдын 13-октябрында 4 жылга шарттуу эркинен ажыратылып, ага 2 жыл сынак мөөнөтү чектелген. Кыздын күйөөсүнүн жүргөн жери аныкталбагандыктан Араван РИИБдин тергөөчүсү тарабынан кылмыш иш өндүрүштөн бөлүнгөн.
Айта кетсек, окуя 2017-жылдын январь айында болгон. Анда 1961-жылы туулган А.М.В. 16 жашка толо элек небереси Э.Е.Р.ны 1998-жылы туулган Т.О.М. аттуу балага күйөөгө берген. Никеге туруу боюнча диний кааданы дин кызматкерине жасатып, ага өзү күбө болгон.



Бул жерде молдолордун куноолору жок?ал кызда куноо болуп атбайбы?баарыбыз эле 10-11жаштагы ата-энелерден таралганбыз?ошол кыз менен Баланы камаш керек болчу?кылмышты ушулар кылган азабын таенеси тартуу керекби?
Бул кызды ошол убактысында турмушка бербегенде жаман журуп ар эркектин астында калмак?ошондой кылганы туура дейсинерби?мындан кийинда зынаа кылуусун билип турмушка узаткан,окунбойт чем зынаа кылганга караганда аял ОЗУ турмодо олтурганы жакшы?силер кызынарды ар кимдин астында калуу учун тарбиялайсынарбы?
курганга чейин жашап алганында болуп жатпайбы байкуш тайэне айласы жок беришке туура келди да
Илгери илгери кыргызда баласы оор кылмыш кылса олум жазасына буйрулуп, анын башын атасы бир омур мойнунда ташып журууго милдеттендирилген экен... Тарбия бере албаганы учун...
Анткени мыйзам жашы 18ге толбогондорго нике кыюга молдолорго тыю салат... Экинчиден жаштардын нике куболугу болмоюн молдонун нике кыюсуна тыю салынат.
Жогорудагы 2 мыйзамды катарынан бузганы учун молдо жазалансын, мыйзам жазылган сон иштесин...
Чечим чыгарса болмок баланы дагы соттош керек жашы жете элэк кыз менен жыныстык катнашта болгону учу