Жети-Өгүздө кар көчкү алдында калган адамдын жансыз денеси табылды
Жети-Өгүз районунда кар көчкү алдында калган адамдын жансыз денеси табылганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, кар көчкү алдында калган 1979-жылы туулган Р.Ашымбаевди издөөгө 100дөн ашуун киши катышып, бүгүн, 24-январь күнү саат 12:50дө анын жансыз денеси табылды.
"Азыркы убакта маркумдун денесин тоодон түшүрүү иш-чаралары аткарылууда. Куткаруучулар менен издөө иштерине катышкан жергиликтүү тургундар Жети-Өгүз айылына түшүп келишүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.
Айта кетсек, 21-январь күнү саат 17:00 чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти тилкесинде 3 адам отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшүп бирөөсүн басып калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
aslan_akjol89

24.01.2018. 15:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах куноолору болсо кечирсин!Отунду чилдеде эмес,куздо эле даярдап койгондо мынчалык кайгылуу окуя болмок эмес эле.
Zainidin96

25.01.2018. 00:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннатта болсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.