super.kg logo

Тауекел Мусилим: "Ал катачылык болбосо, балким, азыр үй-бүлөлүү болуп калмакмын"

 

SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коноктору - кыргыз элинин жаш актёру, "тамашоучу", КВНчи Азамат Уланов жана казак боордоштордун чыгаан уулу, актёр жана алып баруучу Тауекел Мусилим. Бул жигиттерди көпчүлүк "Апамды издеп" тасмасы аркылуу таанышат. Аталган кинодо эки актёр тең өз ролдорун ийине жеткире аткарышып, көптөрдүн арзуусуна айланышкан. Ал эми фильм бир гана Кыргыз өлкөсүндө эмес, Казакстанда жана АКШнын бир канча шаарларында көрсөтүлгөн.

Эки элдин белгилүү актёр жигиттерине арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот. Актёрлор берилген суроолорго SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда жооп беришет.

15:00 Актёрлор Азамат Уланов менен Тауекел Мусилим белгилүү себептерден улам SUPER.KG`нин Түз эфирине кечигишүүдө.

16:00 Актёрлордун түз эфирдеги маеги башталды.

16:07 Суроо: "Экөөңөрдү кайрадан бир тасмадан көрө алабызбы?"

Азамат Уланов: "Менде тасмага тартылуу пландарым жок. Бирок Руслан Акундун "Көк бөрү" фильмине чогуу тартылып калышыбыз мүмкүн. Бирок азырынча белгисиз".

16:10 Актёрлор келечектеги пландары тууралуу ой бөлүштү.

Тауекел Мусилим: "АКШга барып, актёрлук боюнча сабак алуу пландарым бар. Ал жактан тасмага тартыламбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт".

Азамат Уланов: "Мен мектепти аяктасам, жогорку окуу жайдын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырам. Анан баш отум менен иштөөгө, шоу-бизнеске киришем".

16:15 Суроо: "Тауекел, сиздин сымбаттуу келбетиңиз үй-бүлө курууга тоскоолдук болуп жаткандай?"

"Жок, андай эмес. Мен өзүмдүн түгөйүмдү таба элекмин. Азырынча эл-жер көрүп алгым келет", - деди актёр.

16:18 Суроо: "Тауекел, сен бир маегиңде ашыгыңды жоготуп алганыңды айткансың. Ошол убакытка кайра барууга мүмкүн болсо, эмне кылат элең?"

"Албетте, өткөн ишке өкүнүүнүн кереги жок. Бирок ал кезге барсам, өзүмдүн кетирген катачылыгымды оңдогонго аракет кылмакмын. Ал катачылык болбосо, балким, азыр үй-бүлөлүү болуп калмакмын".

16:22 Актёрлор бири-бири менен кантип таанышканын айтып беришти. Азамат Уланов "мен Тауекелди мурда таанычу эмесмин, биринчи көргөндө бой көтөргөн неме экен деп ойлогом" десе, Тауекел Мусилим Азаматты мурда тамашалуу роликтерден көрүп жүргөнүн айтты.

16:25 Суроо: "Тауекел, келечектеги жубайыңызды кандай элестетесиз?"

"Болочок келинчегим кандай болорун билбейм. Ыймандуу, билимдүү, тарбия көргөн жана эң негизгиси тамашаны жакшы түшүнгөн кыздарды жактырам", - дейт Мусилим.

16:28 Окурмандын "Инстаграмдагы баракчаңар киреше алып келеби?" деген суроосуна Азамат Уланов "Ооба, жарнамалардан киреше түшөт. Бирок аны мен эмес, менин директорум чечет", - деп жооп берсе, казак актёру да анын айткандарына кошулду.

16:30 Суроо: "Мальдив аралдарына чогуу барып эс алып келиптирсиздер. Каяктан каражат табасыздар?"

"Мальдив аралдарына демөөрчүлөрдүн колдоосу менен барганбыз. Буюрса, андай саякаттардан дагы көптү баштан өткөрөбүз. Бул жакка атайын өзүмдүн унаам менен келгем, жакында Караколго барып эс алууга план коюудабыз", - дейт Тауекел Мусилим.

16:34 Суроо: "Азамат, мындан ары да "мачонун" образын жарата бересиңби?"

"Мен даярмын. Бирок режиссёрлор "мачонун" ордун мага бербей калышты го", - дейт күлүп.

16:39 Суроо: "Актёрлук кесипти олуттуу деп эсептейсиңерби?"

Тауекел Мусилим: "Мен үчүн олуттуу. Анткени, мага ушинтип тасмага тартылып, саякаттаган жагат".

Азамат Уланов: "Мен үчүн актёрлук - бул хобби, кесип эмес".

16:41 Окурмандын "Кайсы спорт менен машыгасыңар?" деген суроосуна экөө тең футбол менен машыга турганын айтышты. Тауекел Мусилим андан сырткары кышкы спорттун түрлөрү жана фитнес менен машыгарын да айтты.

16:42 Суроо: "Тауекел, репертуарыңды жаңы ырлар менен толуктайын деген ой барбы?"

"Азыр актёрлук жана алып баруучулук менен алектенип жатам. Жаңы ыр чыгара элегиме 1 жылдан ашык убакыт болуп калды. Бирок азырынча ырчылыкка көңүл бөлө албайм", - деди актёр.

16:46 Суроо: "Тауекел, көп өлкөдө болдуң. Кайсы өлкө кандай таасир калтырды?"

"Ар бир өлкө өзгөчө. Кыргыз эли менен казак элинин окшоштугун көп байкадым. Тамак-ашы, ниети түздүгү... Ал эми башка мамлекеттер өнүккөнү менен, ал жакта кабак-кашы ачылбаган адамдар көп кездешет. АКШ бизден көп жылга эрте өнүгүп келе жатат, мындан улам аталган өлкөгө барып актёрлук боюнча сабак алуу планым бар".

16:49 Актёрлор алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда.

16:55 Суроо: "Азамат, сен чын эле кинодогудай акылдуусуңбу?"

"Жок, андай акылдуу эмесмин. Мектепте "5ке" окуйм, бирок кинодогудай акылдуу болуу кыйын", - дейт актёр.

16:58 Суроо: "Тауекел, Азаматтын ата-энеси сени Ысык-Көлгө чакырды эле. Ага чейин аталган аймакта болдуң беле?"

"Ооба, жыл сайын эле үй-бүлөбүз менен келип эс алып турчубуз. Бир жолу кичинекей кезимде ал жакта эс алып жүрсөм, зебра минген бир бала келе жатыптыр. Чынын айтсам, абдан таң калдым. Бирок жанына барсам, эшекти боёп коюшуптур", - дейт күлүп.

17:00 Суроо: "Тауекел, сенден балалуу болгум келет. Донор болуп бере аласыңбы?"

"Жок, бул нерсеге каршымын. Жоопкерчилик деген бар, балам менин кашымда болуш керек".

17:02 Актёрлордун түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





Азамат Уланов: "Тауекел бир тууган агамдай эле болуп калды"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
24.01.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
негизи келишет бекен?
24.01.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызчылык болуптурда. Болду эми жасана бербей келгиле. Отельде жасанып журушотко.
Leilek-razzakov түзөттү 2018-01-24 15:54:53
24.01.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сабыр кылып куто туралы белгилуу себеп дейт келип калаар
24.01.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы деле келишпедиби е
24.01.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аай-баай мен жумушуму калтырып кутуп олтурам. Деги келишет бекен?
24.01.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келишеби
24.01.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келишти
24.01.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ассаламу алейкум кандайсынар
Азамат киного кантип келип калдын
24.01.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таукел мырзага ишине ийлилик кош келипсиз Кыргызстанга
24.01.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кинодон тапкан акчанарды кайда жумшайсынар
24.01.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
саламатсыздарбы Менин суроом Тауекел мырзага кыздардын кайсы сапатын сыйлайсыз жана келечектеги жубайынызды кандай элестетесиз
24.01.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тауекел кандайсыз Кыргызстанга куш келипсиз
Спроттун кайсы туру менен машыгасыз
24.01.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы. Менин суроом томондогучо эмнени аябай жек коросуздор? Кээде атактуулуктан тажаган кундорунуздор болобу?
24.01.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
7 атанарды айта кетсенер рахмат
24.01.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Хе хе, за то издейм сенинин суроосун беришиптир))
24.01.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Донор сураган кыздын суроосун бербей эле койбопсуңар.Баякы эле баналдуу суроолор...
24.01.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эртерээк үйлөнүп алышканы жакшы.
SUPER.KG видео
24.01.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
соонун маек болуптур,ишинерге ийгилик мындан ары дагы ынтымагынар оркундой берсин!!!
24.01.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жанылышасын, чет жакта наоборот коп онуккон олколордо эли жайдары сылык, бизде болсо баарыле нервный кабактары бурколгон.
25.01.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Донор боюнча мурунку интерьвюсунда да берилди беле?
25.01.2018. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тауекел мырза мынча красавчик козду ирмебей карап отургун келет го ... Бактылуу бол!
25.01.2018. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ТАКИЕ КЛАССНЫЕ ОНИ, СПАСИБО ЗА ИНТЕРВЬЮ , СУПППЕЕЕРРР
SUPER.KG видео
25.01.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аябай жонокой экен Таукел мырза,суроолорго ото маанилуу жооп бериптир,кичинекейдин козун карап турду,мындай жонокой деп ойлогон эмесмин
SUPER.KG видео
25.01.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
оой какой красивый парень Таукел.
SUPER.KG видео
26.01.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат тебя павезло))) ушундай сонун, жөнөкөй адамдын жанында бирге жүрүүнүн өзү эле керемет эмеспи я...Тауекел сиз Керемет жансыз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: