Самара Каримова: "Мага "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы декабрда эле тапшырылган"




Самара Каримовага "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген наам өткөн жылдын декабрь айында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан тапшырылган. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына билдирди.
"Ошол учурда Өзбекстанга делегация менен кетип, күбөлүк менен төш белгини колго алганга жетишпей калгам. Бул наам чыгармачылыгыңа чоң стимул болот экен. Дагы да иштегим келип, жаңы ырлардын үстүндө изденүүдөмүн. Жакында Султан Раевдин "Илегилек" спектаклинде башкы ролдо ойнойм. Март айында концерттерим бар. Сулуулар сынагын өткөрөм. Учурда Ош улуттук драма театрында актриса болуп эмгектенем. Айлыгыма буйрук чыккандан бери 2500 сом кошулду. Буюрса, алдыда пландарым көп", - деди Каримова.
Буга чейин социалдык тармактарда ырчы Самара Каримова Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын албай калгандыгы тууралуу талкуу жаралган.
Белгилүү болгондой, өткөн жылы 30-августта мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бир катар маданият кызматкерлерине мамлекеттик наамдар ыйгарылган.


Татыктуу эле. Анжелика менен Самараны эч көрө албай койдуңарго
Фигура десең фигура
Акыл десең акыл
Голос десең голос бар
Сонун кыз Самара
Анжеликага популярдуулугу үчүн берсе болот
Ал эми Самара менен Анжелика реклама, пиарсыз жашай албай калышты...
Ал эми сенин Лейлектик болуп сурогонун, жердешчилик карангылык дейт муну...
Эл тараза, эл сынчы, эл болсо ачык эле айтып жатат, Самара бул наамды сатып алды деп...
Кана, дагы эмненерге мактанасынар ошондо?!!
Анткени бул наамды иттин итибайыда алып калган кезде эмгеги сиңе электе берилип жатат
Бул наамды мен чыныгы талант ээлерине ыраа көрө албайм анткени алар мындан да мыктысына татыктуу инсандар
Жакында Гулжигит Сатыбеков бул наамды алганда гана, эл ыраазы болуп, баары бир адамдай куттукташты Гулжигитти... Анткени ал адам чындап эле бул наамга татыктуу болуучу, бул наам алууга ылайык татаал жолду басып отту...
Бекеринен эл сынчы, эл тараза деп айтылбаган...
Рахман Разыков
Тынарлар алса кол чабат элем
аларга берилбей калды бир болсо
Күмөндөргө беришкенда неге буларга берилбейт
ачык айтып сүйлөгөндөрүнөда ээ