super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: Советтик актёр, акын, белгилүү аткаруучу Владимир Высоцкий көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак

 

Белгилүү советтик акын, актёр, өзү жараткан ырлардын аткаруучусу, прозалык чыгармалардын автору Владимир Высоцкий 1938-жылы 25-январда Москвада төрөлгөн.

Высоцкий таланттуу артист эле эмес, советтик режимдин ачык сынчыларынын бири болгон. Ошол режимден запкы көргөн бүтүндөй бир муундун сезимдерин күчтүү, кээде какшык менен жазылган ырлары аркылуу көрсөткөн.

Кичинесинен эле музыка, театрга жакын Владимир Таганкадагы театрда өмүрүнүн аягына чейин иштеген. Уильям Шекспирдин “Гамлетин” ойногону ага сынчылардын сүймөчүлүгүн алып келет. Высоцкий ондогон кинотасмаларда да роль жараткан.

Мисалга алсак, "Жолугушуу ордун өзгөртүүгө болбойт" ("Место встречи изменить нельзя"), "Кичинекей кайгылар" ("Маленькие трагедии"), "Интервенция", "Түнт токойдун кожоюну" ("Хозяин тайги"), "Вертикаль", "Кыска жолугушуулар" ("Короткие встречи"), "Жаман жакшы адам" ("Плохой хороший человек") жана баш тасмаларда мыкты образдарды ачып берген.

Өмүр жолу оору, ичимдик, баңгизаттар менен коштолгону көп айтылган ырчы 1980-жылы 22-июлда көз жумган. Высоцкийдин өлүмү жөнүндө табышмактуу ой-жоромолдор азыркыга чейин айтылып жүрөт. Расмий түрдө ырчы уктап жатканда жүрөгү кармап каза болгон деп айтылган.

1985-жылы Михаил Горбачёв бийликке келгенден көп өтпөй Высоцкийге көзү өткөндөн кийин Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган, анын пластинкалары, ыр жыйнактары чыгарылган.

1980-жылы 22-январда анын советтик телевидениедеги жалгыз интервьюсу жаздырылып, бирок ал интервью актёр каза болгондон кийин 1987-жылы гана толук көрсөтүлгөн.

25-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: