super.kg logo

Австралияда камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу үчүн өзүнүн 2 баласын өлтүргөн эне кармалды

 

Австралияда камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу үчүн өз балдарын өлтүргөн эне кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Мари Крабтри өзүнүн эки баласын өлтүргөн жана бир баласын сабаган деп айыпталып, камакка алынган.

Буга чейин полиция кызматкерлери Крабтринин 18 жаштагы кызы жана 26 жаштагы уулу өзүн өзү өлтүрдү деген ойдо болушкан. Бирок узакка созулган иликтөө иштеринен кийин Мари өз балдарын камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу максатында өлтүргөндүгү белгилүү болгон. Кызынын өлүмү үчүн ал 600 миң доллар алса, ал эми уулунун өлүмү үчүн андан да көп акча алууну көздөп жаткан.

Мари Крабтринин уулу 2017-жылдын жай айында ооруну басаңдатуучу дарыларды көп өлчөмдө ичип алып каза болсо, ушундай эле себептер менен 2011-жылы 18 жаштагы кызы каза болгон.

Маалым болгондой, аялдын каза болгон эки баласы тең психикалык жактан жабыркашкан.

Бул эки өлүмдөн сырткары Крабтриге экинчи кызына ар кандай психикалык жана физикалык кысымдарды көргөзгөн деген да күнөө коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
25.01.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой тообо кылдыым кандай боору таш эне?ушунча чыдап чонойткон экен бул жагынада чыдап койбоптур?омуру турмодо ототко Эми?
25.01.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуштар жакшы күн деле көрбөй өлүп кетишиптир да,балдарынан өтүп энеси псих экен го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: