super.kg logo

Абакта жаткан Жусуп Иманалиев түшкү тамактануусуз калганын айтып даттанды

 

Бүгүн, 25-январда Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча сот отуруму уланууда. Ишке катыштыгы бар делип 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылган Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев түшкү тамактануусуз калганын айтып даттанды.

"Түшкү тамакты жегенге жетишкен жокмун. Сот залынан абакка барганча эле саат 13:00 болуп кетти. Конвойлор артымдан келип эле "убакыт болуп калды" деп алып чыгып кетишти. Бир чыны чай ичип алууга да мүмкүнчүлүк болгон жок. Мен жаш эмесмин, чыдабайм ачка жүргөнгө. Анын үстүнө суук болуп жатат, жай болсо да макул эле. Урматтуу сот, ушул маселени карап коюңуз", - деп өтүнүч келтирди Иманалиев.

Аны алып жүргөн конвойлор да анын айтканын ырасташты. Мындан кийин ишти карап жаткан соттук жамааттын төрагасы конвойлорго мындан кийин түшкү тамак ичүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Депутат Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.

19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.01.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кочту кыскан бай болот кочтун ичи май болот. Жаш откондон кийиин уйдо тамак ичиш керек тияк бербеди бияк бербеди деебей. Элибиз буйруса ток
25.01.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rysik79,эмне деп жазганынды озун тушундунбу? Жазган созуно эле эмес,озундун оюна озун да тушунбосон керек?
26.01.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rysik79,абакта жаткан адам уйдон тамакты кантип ичет? ЭЛ сенсин да е ошондо?
25.01.2018. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иш устундо отуруп, мына мен да бугун тушку тамак иче алган жокмун. Эч жакка жарыялабай эле келип кемпиримдин кечки тамагын ичип алдым.
26.01.2018. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасынын баласы,Эми Сиз биз эркиндикте жургон адамдарбыз. А булардын айласы жок берсе ичет бербесе жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: