super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: Пластикалык операция жасатканына карабастан, мимикасы менен чоң мактоого алынган корей актрисасы Хван Жон Ым 33 жашка чыкты

 
Хван Жон Ым 2015-жылы эң көп гонорар алган корей актрисаларынын ичинен алдынкы бештикке кирген.
Атактуу актрисалыкты багынтканга чейин сахнада ырдап жүргөн мезгилинен.
Хван Жон Ым ырчы, актриса эле эмес, модель катары көптөгөн журналдардын фотосессиясына тартылуу үчүн чакырууларды алып турат.
“Мени өлтүр, мени дарыла” сериалынан кадр.
Турмушка чыкканга чейин 2016-жылы тартылган акыркы сериалы “Ийгиликтүү роман” болгон. Анда белгилүү жаш актёрлордун бири Рю Жун Ёль менен роль жараткан.

Сүйүү комедияларында роль ойногон эң мыкты корей актрисаларынын бири Хван Жон Ым бүгүн 33 жашын белгилеп жатат. Корей сериалдарынын күйөрманы болсоңуз, анда туулган күн ээсин “Жашыруун сүйүү”, “Мени өлтүр, мени дарыла”, “Ал сулуу болчу” деген дорамалар аркылуу эстей аласыз.

1985-жылдын 25-январында туулган Хван Жон Ым актриса катары таанылганга чейин ырчы болчу. 2002-жылы “Sugar” тобунун курамында дебют жасап, 2005-жылы өз алдынча болгусу келип, топтон кеткен. Дал ошол мезгилден тартып, кино аянтчасындагы карьерасын баштаган.


Бирок актрисага атактуулук “алма быш, оозума түш” болуп эле келе калган эмес. Анын багын “Гигант” ачкан. 2010-жылы тартылган аталган сериал актрисага элдин оозуна алынууга жардам берген. Андан ары да ойногон ролдору режиссёрлордун мыкты баасын таап турган.

"Гигант" сериалынан кадр.


Баш айланткан атактуулук актрисага “Жашыруун сүйүү” сериалына тартылган соң келген. Анда ал белгилүү актёр Чжи Сон менен башкы каармандардын биринин ролун ойногон. Дорама эфирде көрсөтүлүп жаткан учурунда анын рейтинги ошол эле мезгилдеги атаандашы “Мураскерлерден” ашып өткөн. Ал эми “Мураскерлерге” белгилүү Ли Мин Хо тартылганы белгилүү.

"Жашыруун сүйүү" сериалынан кадр.


Хван Чжон Ым мурдуна пластикалык операция жасаткан, бирок жыйынтыгы жакпай калып, кайра өз формасына алып келген. Ошондой эле сурмасына да операция жасатканын билдирген. Жалпы жонунан хирургдардын жардамынан колдонгону анын мурунку жылдардагы келбетинен көрүнүп турса да, актрисанын күйөрмандары ролундагы мимикасына, аны таасирдүү бере алгандыгына чоң баа беришет.

"Ал сулуу болчу" сериалынан кадр.


Жеке жашоосуна келсек, 9 жыл бою “SG Wannabe” тобунун лидери Ким Йоң Жун менен кыз-жигит мамилесинде болгон. Кийин экөө бири-бири менен мамилесин үзгөнүн жарыялап, ага удаа эле актриса Түштүк Кореядагы белгилүү профессионал гольф оюнчусу Ли Йоң Дон менен жолугушуп жатканын жарыялаган. Жарым жылга жетпей эле экөө 700дөй конок катышкан үлпөт той беришкен. Учурда жаш үй-бүлө уул тарбиялап жаткан кези.

25-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
26.01.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Она была касоткой, убей меня ицели меня деген сериялдардагы кызго. Она была касоткойдо башында олло кулкулууго. Джексон деп алып....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: