super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте жылуулук бериле баштады деген куру кеп, чындыгында жылуулук бериле элек" дешет окурмандар

 

"Биз борбор калаанын Сүйүнбаев-Москва көчөлөрүнө жакын жердеги үйлөрдө жашайбыз. Жылуулук берилди дегенден бери жылуулукту күтүп отурабыз, бирок жарытып жылый элек", - деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.

Мындан ташкары "Элдик кабарга" бир катар окурмандардан билдирүүлөр келип түштү. Алардын бири: "Борборубуздун Ахунбаев-Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги көп кабаттуу үйдө турабыз. Кыш келгенден бери батирибиз жарытылуу жылыбай жаткан, азыркы суукта жылуулук берүүчү батарейкалар таптакыр муздак. Жаш балдарыбыз бар, ооруп кала электе бул маселени чечип беришсе", - деп жазган.

"Бийлик болбой калсын, жылуулук берүү борбору бир жумалык суукка туруштук бере албай койду. Электр энергиясы да өчкөн, жылуулук да жок. Бөлмөнүн ичи сырттагыдай суук. Бишкек шаарындагы 5-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдө турабыз", - деген окурмандардын бири.

"Бишкектин 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйдө жашайм. Бүгүн, 29-январда билдирем, жылуулук бериле элек, батарейкалар ысыбай эле турат. Бөлмөнүн ичиндеги суукту айнектеги муздар далилдейт", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
29.01.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
лапшаны уйгурларданда катуу чойушатта биздин аткаминерлер атка минбей эшеке минип калсанар экен
29.01.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aerforce, Буларга караганда эшек пайдалуу коп оор жумуштарды аткарып берет
30.01.2018. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Simels,ошол эшеке минсе эшек кобурок иштеп кыймлдашмакта )) семиз семиз атка минип аттары баспай жататко чамасы)))
29.01.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аламедин -1де да жылыбай эле , суук буткондо каттуу жылытышат окшойт эми . Жон гана элди сооротуп жатышат , уйлор суук .
29.01.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечинде иттей суукта свет да жок болду отопление таптакыр жок.
29.01.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол суукка эшекке минген жепжутарларды камап койсон бир кун!!!Анан ойлонушаар эле .
Тиги бобокко боорум ооруду,муздак аба жутуп сыркоолоп калышпаса экен.Буга окшогон канча наристелер бар!!!
29.01.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бийлик жаш баланы алдагандай эмне мынча бетинер жок я?! Фрунзе савхоздо эки кундон бери суу жок! Отопления бул жакта эле калат го!
29.01.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
калп эле элди алдап жатышат бирдеме болуп кетпесин деп
29.01.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖЭБди орттоп ийиш кк комуру мн кошо
29.01.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир айлык электр энергияга толомдорду толобой койгула. Ошол чондор бир кундук акысынын эсебинен жаап койушсун. Ток мн иштеген печкелер кыйратып деле ысыбай жарытытып. Соз жок биздин чондорго.
29.01.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсыл районго берилиптир так айтышпайбы жеп жутарлар мисали карпинка гоголя московская кочолорундо жок
29.01.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакиев кунолу
29.01.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЖЭБ начальнигин иштен алып жоопко тартпайбы
29.01.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра светке мурункудан бул айда коп келсе керек , хотя уйду жылыта албай жатат :( .
29.01.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айла жок буларга.сапар деген атаман кайда журот буларды спрос кылбай сапар атаман озу деле шериктеш окшойт.болбосо бу ЖЭБдегилерди сурака алып котондорун ойуп алыш керек эле
29.01.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
правда Токтогула кочолоруно жакын жашайбыз жылуулук жок музздак
29.01.2018. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы районго берилгенин жаза кеткилечи комментарийге билеличи жылуулук кайсы районго берилип жатканын жеп жутарлар кимди алдап атышат
29.01.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суванбердиев кочосундо берилди дегнен эле аты бар колундун температурасындай эле батарейканын жылуулугу. Жукеев Пудовкин Жантошев кочлоруно жакын жердебиз, балдарымдын тамагы кырылдап мурду бырыллдап калды.Наалат ошол атка минерлерге!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: