Ахматбек Келдибеков: "Иштин бүтөрүнө 3-4 күн калыптыр. Депутаттарды үй камагына чыгарып койгула"

“Бийликтин текеберчилигинен улам ушундай жагдайга кептелип жатабыз. Иштин бүтөрүнө 3-4 күн калыптыр. Ошондуктан бул депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүп койгула”,- деди депутат Ахматбек Келдибеков “ата журтчу” 3 депутат боюнча өтүп жаткан сот жыйынында. Келдибеков кесиптештерин үй камагына чыгаруу керектигин айтты. Учурда сот отуруму улантылууда. Сот ишине төрагалык кылуучу 3-4 күндөн кийин иш каралып бүтө турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

