super.kg logo

"Despacito" ыры "Грэмминин" бир да сыйлыгын алган жок

 

2017-жылы дүйнөгө хит болгон "Despacito" ыры "Грэмми" сыйлыгын ала алган жок. Көпчүлүк музыка сүйүүчүлөр жана музыка сынчылар социалдык тармактарга бул тууралуу нааразы пикирлерин жазышып, талкуулап жатышат.

Испан тилинде аткарылган "Despacito" ыры бир дагы номинацияда "Грэмми" сыйлыгына татыбай калганы - бул калыстык эмес. Мындай макалалар "Forbes" журналы баш болгон көптөгөн белгилүү басылмаларда да жазылууда.

2017-жылы пуэрто-риколук Луис Фонси жана Дэдди Янкинин ыры 16 жума "Billboard Hot 100" хит-парадында биринчи саптан түшкөн эмес. Аталган ырга тартылган клип 4 миллиарддан ашык жолу көрүлүп YouTube видеохостингинин тарыхында эң көп кароо жараткан клипке айланган.

"Despacito" ыры "Грэмми" сыйлыгына "Дуэттин же топтун эң мыкты аткаруусу", "Эң мыкты ыр", "Эң мыкты үн жаздыруу" номинацияларында ат салышкан.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар "Грэмми" сыйлыгынын уюштуруучулары акчага сатылып кеткенин жазып чыгып, жыйынтыктарга канааттанбаганын билдиришкен. Ал эми айрым колдонуучулар аталган ыр 2017-жылы бардык жерде жаңырып, элди тажатып жибергендигин билдиришкен.

Эскерте кетсек, "Грэмми" сыйлыгынын 60-сыйлык тапшыруу аземинде америкалык ырчы Бруно Марс 7 "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(4)
29.01.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ыр мага деле жакпайт эле.. туура болуптур
29.01.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандайдыр бир себептери, кемчиликтери бар болсо керек. Жөн эле эч бир себепсиз бербей койбойт да сыйлыкты. Чын сыйлыкка татыбадыбы демек ырда мүчүлүштүк бар.
29.01.2018. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kelechek1,себеби пара
29.01.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наминацияда жыл ичинде [moderated]дагы эн коп корулгон клип деген наам болсо ошону женмек.А ыры анча деле чыккан эмес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: