super.kg logo

Канаданын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси "Саякбай манасчы" эл аралык фондунун медалы менен сыйланды

 

Канаданын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси "Саякбай манасчы" эл аралык фондунун медалы менен сыйланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Саякбай манасчы" эл аралык фондунан Бегайым Уланова билдирди.

Маалыматка ылайык, “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраев Канаданын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Александра Окуновага “Саякбай” көркөм тасмасынын Канадада өткөрүлгөн Монреалдын 41-фестивалында көрсөтүлүүсүнө көрсөткөн көмөгү үчүн “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун медалы жана “Манас – кыргыз элинин баатырдык эпосу” аталышындагы китеп менен сыйлады. Иш-чарага манасчы Рыспай Исаков жана тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров жана Болот Берикбаев катышты.

Айта кетсек, 2017-жылдын 5-сентябрында “Саякбай” көркөм тасмасы Канадада өткөрүлгөн Монреалдын 41-фестивалында “Мыкты инновациялык тасма” наамын жеңип “Алтын шашке” сыйлыгына ээ болгон.

“Саякбай” көркөм тасмасы ата-бабадан калган улуу мурас “Манас” эпосунун үчилтигин айткан, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин жана ошол кездеги жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жолугушуусун чагылдырат. Бул көркөм тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров. Ал эми тасмада башкы ролдорду Марат Жанталиев жана Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов ойногон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.01.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынды таза ташыганынар учун деп сыйладыбы
Isco23 түзөттү 2018-01-30 11:33:50
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: