super.kg logo

Ноокенде чак түштө үй ээсинин келинин байлап, бир миллион сомдой акчасын уурдап кеткен деп шектелип 2 адам кармалды

 

Жалал-Абадда электр кызматкарлеринин атын жамынып үйгө киришип, каракчылык жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 19-январь күнү саат 12:00 чамасында Ноокен районундагы Масы айыл аймагындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда 20-25 жаш курактагы белгисиз адамдар "электр тармактар кызматкерибиз" деп келишип, каракчылык жасоо менен үй ээсинин бир миллион сомдой акча сакталган сейфин, алтын буюмдарын тоноп кетишкен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө тобу түзүлгөн.
Эки күн өткөн соң райондогу Шайдан айыл аймагындагы талаадан жабырлануучунун үйүнөн каракталып алынып кеткен темир куту ачылган абалда табылган. Жалал-Абад ОИИБинин жана Ноокен РИИБинин кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам-тергөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарында убактылуу жашаган Ысык-Көл облусунун 1990-жылы туулган Э. уулу М. аттуу тургуну жана Бишкек шаарында жашап келген, мурда адам өлтүрүү беренеси менен соттолгон Ноокен районунун 1989-жылы туулган О.М. аттуу тургуну кармалды.

"Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишин жасашкандыгы толугу менен далилденип, экөө тең Бишкек шаарынан кармалган. Ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү каракталып алынган акча каражатына жеңил автоунаа сатып алышкандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн унаа далил буюм катары алынды.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка кылмышкерлерди кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Ал эми кармалган жарандардын башка дагы ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.01.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уурулук оной оокат дегендер жанылат.. .
Уурунун жолу кууш
Zamka79 түзөттү 2018-01-31 11:36:14
31.01.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыр озун менен чай ичип жургондордон да корко турган заман.Эч кимге ишенич жок.Билген адамдар эле кылат.
31.01.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Malik92, туура гл.уй ээсине тийбептир ошого да шугур деш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: