Айбек Калиев: "386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы гана курулган"
386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы гана курулган. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев билдирди. Депутат Мирлан Бакиров Бишкек ЖЭБинин канча пайызы курулуп бүткөндүгүнө кызыкты. Ага Калиев жооп берди.
"386 миллион долларга Бишкек ЖЭБинин 30 пайызы бузулуп, кайра ордуна жаңыланып курулду. Бүгүн ЖЭБдин дагы 70 пайызы жаңыланууга муктаж", - деди Калиев.
Өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБ өлкө үчүн өтө чоң көйгөй экенин айтты.
"Учурда калган 70 пайызынын бүт баары эски. Бул аябай чоң көйгөй. Жаңы курулган ЖЭБдин 30 пайыз бөлүгү кечээги аварияда бүт Бишкектин жылуулук системин сактап калды. ЖЭБди толук жаңылоо үчүн дагы 600 миллион доллардын тегерегиндеги каражат кетет", - деди Исаков.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.
Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

386 миллион доллардын жарымын "жеп" коюшканы аз болгон окшойт, эми 600 миллионду суйлоп калыптыр го!!!
Ошондо 600 миллион долларга ондоп-тузоо иштерин жургузгон жакшыбы (70% болгону) же жапжаны ТЭЦ курган жакшыбы?!!
Бул Сапар Исаковун 200 миллион керек жерге 2-3 эсе кобун айтууну адат кылып алган окшойт, бир сугунганда милоиондорду сугунганды адат кылып....
Кызыл кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет.
душмандары аябай согуп таштайн дейм Айла жок