super.kg logo
  Спорт  

Неймар "Барселона" футболдук клубун сотко берди

 

Франциялык "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Неймар испаниялык "Барселона" футболдук клубун сотко берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, бразилиялык футболчу испан клубу менен 2016-жылы түзгөн келишим боюнча убадаланган бонус каражатынын жарымын төлөтүп алууга аракет кылууда. Аталган каражат футболчунун эсебине эки баскыч менен которулушу керек болчу. Бирок футболчунун башка клубга өтүп кеткенине байланыштуу убадаланган каражаттын жарымы футболчунун эсебине которулган эмес.

Чабуулчунун айтымында, ал 30 миллион еврого жакын чыгым тарткан. Ал эми каталондуктар өз кезегинде акчанын которулушуна каршы чыгышууда, анткени Неймар келишимди токтотуп "ПСЖ" клубуна өтүп кеткен. "Барселона" клубунун өкүлдөрүнүн билдиргенине ылайык, Неймардын айынан алар 75 миллион евро чыгым тарткандыгы үчүн тосмо доо арыз жазышкан.

Айта кетсек, Неймар "ПСЖ" клубуна 2017-жылдын жай айында 222 миллион еврого өткөн. Каталондуктардын курамында ал төрт жыл ойноп, Испания чемпионатын 2 жолу жана Чемпиондор Лигасын 1 жолу жеңген. Ошондой эле, Неймар жакын арада "Реал Мадрид" футболдук клубуна өтүүнү кыялданып жүргөнү да айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
01.02.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ХХХХ Акча учун футбол ойнойт турбайбы
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-01 12:03:39
01.02.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Контрактты улантаканы учун Барселона кошумча толоп бермей болгон.А Неймар аны бузуп ПСЖ га кетип калганы учун толобой деле койсо болот,до конца соттошуп.
01.02.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
realga otso jakshy bolmok
01.02.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Реалда кутобуз
01.02.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Реалдын глорлору отурабы минус басып?Неймар,Кейн,Салахты алгылачы айланайындар,а то жудоп кетти Реал ашмалтайы чыгып)))
01.02.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реалга отсо Неймар золотой мяч сосуз алат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: