Улуу Британияда министрдин орун басары парламенттин жыйынына жарым саат кечиккени үчүн кечирим сурап, жумуштан кетерин айтты
Улуу Британияда министрдин орун басары Майкл Бейтс парламенттин жогорку палатасынын жыйынына жарым саат кечиккени үчүн кечирим сурап, жумуштан кетерин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Майкл Бейтс 31-январда лорддор Палатасынын өкүлдөрүнүн өкмөттүн ишине байланыштуу суроолоруна жооп бермек. Жарым саат кечиккен министрдин орун басары жыйынга келгендерге уят болгонун айтып, премьер-министр Тереза Мэйден анын отставкасын кабыл алуусун өтүнгөн. Бирок өкмөт башчы анын отставкасын кабыл алган эмес.
"Мен баронесса Листердин алдында өзүмдүн ыңгайсыз жүрүм-турумум үчүн кечирим сурайм. Мен жыйындын башталышына кечигип, келбей калдым. Маанилүү темага арналган баронесса Листердин суроосуна да жооп бере алган жокмун. Суроолорго жооп бербей калганым үчүн уят болдум", - деген Майкл Бейтс.
Британиялык лорд жарым саат кечиккен үчүн жумуштар кетти


Аа биздикилер жарым саат кечикмек турсун келбей деле коюшат