super.kg logo

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына жүктөлдү

 

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук комитетинин башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө 1-февралда Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.

Буга чейин 30-январда Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Айта кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган.

Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.02.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Абдил Сегизбаев иликтейби? Карышкырга кой кайтарткандай эле болуптур бул жагы. Ушундан көрө иликтөөнү токтотуп жөн эле койсоңор туура болчудай ага иликтеткенден көрө.
02.02.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шалаакылык деген статья менен иш козголсо ашып кетсе иштен кетет же штраф толойт. Бул эмне деген акмакчылык? 386 млн доллар чыгымдалып эн башкы органы буу казандары эски бойдон турганы учун коррупция особо крупного размера деген куноолор менен иш козголушу керек болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: